Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:11

Энергетикалык кризис. Көмүргө көз каранды Борбор Азия


Бишкектеги көмүр саткан жай.
Бишкектеги көмүр саткан жай.

Гидроэлектрэнергия жана газ таңкыстыгынан улам Борбор Азиянын көпчүлүк тургундары кышында үйүн жылытууга жана электр менен камсыздоого көмүрдү колдонот.

Кыргызстан

Энергетикалык көйгөйлөрдүн кооптуу белгилери Кыргызстанда жаз жана жай мезгилдеринде эле байкала баштаган. Өлкөдөгү негизги электр энергия булагы - гидроэлектрстанциялар аркылуу иштелип чыгат. Быйылкы кургакчылыктан улам суу таңкыс болду. Айрымдар акыркы жылдардагы эң чоң энергетикалык кризис жаралышы мүмкүн деп болжойт.

Сентябрдын соңунда "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын жетекчиси Таалайбек Байгазиев электр энергиясын үнөмдөө максатында өлкө аймагындагы шаарларда көчөдөгү көрнөк-жарнактардын, кафе-ресторан, дүкөн жана башка оюн-зоок, соода борборлорунда жарыкты колдонууга чектөө киргенин билдирип, кайра ал оюнан кайткан.

Мындай чектөөлөр алдыдагы суук айларда үйлөрдү жана ишканаларды жакшы жарыктандыруу жана жылытуу үчүн жетишсиз болору шексиз.

Азыркы мезгилде Кыргызстандын дээрлик 40 пайызын электр энергиясы менен камсыздаган Токтогул гидроэлектростанциясындагы суу сактагычта болжол менен 12,5 миллиард кубометр суу бар. Бир жыл мурун суу сактагычта 15,2 млрд. куб суу топтолгон. Жылытуу сезонунда ГЭСтин үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу үчүн суунун деңгээли 16-17 миллиард куб метр болушу керек.

Токтогул суу сактагычы.
Токтогул суу сактагычы.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев ырастагандай, “адатта күзгү жана кышкы мезгилде Токтогул суу сактагычында 6-7 миллиард кубометр чыгымдалат".

“Суу сактагычтагы 12,2 млрд. куб метр суу өтө жогорку тобокелдик. Жылына күз-кыш мезгилинде 6-7 млрд. куб суу сарпталат. Ага ылайык, апрель айында суунун деңгээли турбинага чейин түшүп кетет. Ага жеткирбеш үчүн өкмөт жана Энергетика министрлиги электр энергиясын колдонуу лимитин аныктады. Бул 2010-жылдагыдай район, шаарлар жарыксыз калган маал-маалы менен өчүрүү дегенди билдирбейт. Бул лимитти аткарууга чакырабыз. Башкача айтканда, жарандарды электр жарыгын үнөмдөөгө чакырабыз”, - деди.

"Төмөнкү чек" - 5,5 миллиард куб. метр. Токтогул ГЭСинин ишин токтотууга да аргасыз кылышы ыктымал.

Кыргызстандын расмийлеринин алдында тандоо турат: жаз жана жай айларында керектүү көлөмдө суу болуш үчүн суук мезгилде чыгымды азайтуу керекпи же сугат мезгилде суу тартыш болобу? Сугат мезгилде Өзбекстан жана Казакстан дагы Кыргызстандан агып чыккан сууларга көз каранды. Суу көп агып чыкса, Токтогул ГЭСинин иши токтоп калуу коркунучу бар.

Албетте, акыркы вариант коңшуларынын көңүлүн түшүрөт. Анткени суу тартыштыгы жаралганда Кыргызстандын бийлиги Казакстан жана Өзбекстан менен сууну электр энергиясына алмашуу жагын макулдашкан. Коңшу өлкөлөр кийинки жылы суу сактагычтарда жетиштүү көлөмдө суу топтолуп, сугат үчүн тартыштык болбосо дейт.

Кыргызстандын жетекчилиги кийинки жылы электр энергиясына болгон бааны көтөрүүнү пландап жатат. Бул керектөөчүлөрдү нааразы кылганы менен бийлик үчүн бул зарыл кадам

Бишкектеги ыш.
Бишкектеги ыш.

Кыргызстандын баш калаасындагы абал ЖЭБден көз каранды. Чиновниктер электростанция үзгүлтүксүз иштөө үчүн Бишкекке көмүр жеткирүү боюнча иш алып барууда. Көмүр жеткирүү канчалык тынчсыздандырган маселе экенин мындан байкоого болот: "Кыргызкөмүр" ишканасы Нарындагы Кара-Кече көмүр кенинде видео көзөмөл орнотуп, УКМКнын атайын даярдыктагы "Альфа" бөлүмүнүн 12 аскери кайтарып жатканын айткан.

Кыргызстанда көмүр баасы кымбаттап жатканына нааразылыктар айтылып жатат. 2020–2021-жылдын кыш мезгилинде Бишкекте бир тонна көмүрдүн баасы 3600-3800 сомдон (болжолу 42 -45 АКШ доллары) болсо, бул жылы күздө 5000 сомго чейин сатылууда. Бул 60 долларга жакын болот. Орточо айлык-акы 220 доллардын тегереги.

Казакстан

Казакстанда азырынча энергетикалык таңкыстык боюнча талкуулар жок. Бирок ЖМКларда баш калаа Нур-Султанга көмүр жеткирилип жатканы тууралуу маалыматтар чыгууда.

"Казинформ" мамлекеттик агенттиги 8-октябрда жарыялаган маалыматта, октябрдын биринчи аптасында Нур-Султанга 171 вагон көмүр келгени айтылат.

Көмүр запасы боюнча Казакстан дүйнөдө 10-орунда турат. Демек, бул жерде маселе көмүр жеткирүүдө эмес. Казакстан эмне үчүн дале болсо көмүр менен иштөөчү энергияга көз каранды деген суроо турат.

Азыркы учурда Нур-Султанды газификация кылуу жумуштары жүрүүдө. Бул долбоор 2023-жылга барып бүтүшү керек.

2017-жылы Нур-Султанда (анда Астана эле) "ЭКСПО-2017" өтүп жатканда "Келечектин энергиясы" деген темада көргөзмө өтүп, кайра толукталып турган энергия булактарын көрсөткөн. Кызыгы ошол мезгилде борбор шаарды көмүр менен жылытышчу.

Төрт жыл өткөндөн кийин деле жылытуунун бул эски жана айлана-чөйрөгө зыяндуу булагы өлкөнүн негизги керектөөсүн жабууда.

Ал эми башка шаарларда жана айылдарда кышында такай көмүр жагып, бул Борбор Азиянын чыгышындагы абанын булганышы боюнча маселени андан бетер тереңдетүүдө.

Мейкин таалаада жайгашып, шамалдуу экенине карабай, Казакстандын борбору Нур-Султанды көмүрдөн чыккан ыш басып турат.
Мейкин таалаада жайгашып, шамалдуу экенине карабай, Казакстандын борбору Нур-Султанды көмүрдөн чыккан ыш басып турат.

Бишкек ансыз деле дүйнөдөгү эң булганган шаарлардын катарына кирип калды. Ал эми Казакстандын Алматыда кышындасы көмүр менен иштеген ЖЭБден чыккан түтүндөн улам абасы булганып, олуттуу көйгөй жаралганы мурдатан эле белгилүү.

Өзбекстан

Жаратылыш газынын запасы болжолу триллион кубометр экенин эске алсак, Өзбекстанда калкыт камсыздоодо маселе болбошу керек. Бирок 2020-2021-жылдагы кышта көпчүлүк аймакта, анын ичинде баш калаа Ташкентте газ берүү үзгүлтүккө учурады.

Бир нече шаарда газдын өчүрүлүшүнө нааразы болгон кишилер каршылык акцияларын өткөрүп, декабрдын орто ченинде президент Шавкат Мирзиёев жылына 2 миллиард алып келген газ экспортун толук токтотууга буйрук берди.

2018-жылдын январында эле Мирзиёев газ өндүрүүнү жылына 57ден 63 миллиард кубометрге көтөрүүгө чакырган. Бирок 2020-жылы газ өндүрүшү 18,1 пайзыга кыскарып, болжолу 47,1 миллиард кубометр болгон.

Быйыл кышында газ көйгөйүн болтурбоо үчүн өзбек бийлиги импорттук тарифти төмөндөтүп, коңшу Түркмөнстандан газды көбүрөөк сатып алуу боюнча жаңы келишимге кол койду.

Өткөн кышта электр энергиясы жана газ өчкөн маалда аткаминерлер сунуштаган бир гана чара – газ баллондорду, отундарды жана көмүрдү көбүрөөк алуу болду.

Түркмөнстанды кошпогондо, Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүндө көмүр өндүрүү көп жылдан берүү туруктуу өскөн.

Быйылкы жылы Борбор Азия өлкөлөрү эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгиледи. Бул мезгил аралыгында алар өздөрүнүн ички энергетикалык абалын жакшыртуу, жаңылоо үчүн мамлекеттик каражаттарын, сырттан алынган насыяларды сарптап, эл аралык уюмдардын гранттарын салышты.

Бирок ошого карабастан көмүр - жылуулук жана электр энергиясынын негизги булагы бойдон калууда. Көпчүлүк учурларда айлана-чөйрөгө зыяндуу казып алынган энергия булагы дагы Борбор Азия тургундарынын баарынын муктаждыгын жаба бербейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG