Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 08:47

Саясатка көз каранды энергетика өнүкпөйт


Токтогул ГЭСи.

Кыргызстан электр кубатына тартыштыкты жөнгө салуу үчүн аны кошуна өлкөлөрдөн импорттоп жатат. Суунун башында турган өлкөнүн мындай кырдаалга кириптер болушуна кандай жагдайлар себеп болду? Энергетикалык таңсыктык кандай тобокелчиликтерди жаратышы мүмкүн, аны алдын алуу үчүн кандай чаралар керек?

Кыргызстанды кыш мезгилинде электр кубаты менен жабдуунун күңгөй-тескейи “Арай көз чарай” берүүсүндө талкууланды.

Талкууга Энергетика жана өнөр жай министрлигинин Электр энергиясы боюнча мамлекеттик саясат башкармалыгынын башчысы Айбек Айдаралиев, окумуштуу Карыпбек Алымкулов, эксперт Жаныбек Оморов катышты.

“Азаттык”: - Эки күн мурда президент Садыр Жапаров "Фейсбуктагы" баракчасына калкты электр кубаты менен толук жабдуу үчүн Кыргызстан кошуна Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан мамлекеттеринен электр кубатын импорттоп жатканын билдирди. Орусиядан электр кубатын алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жаткандыгы тууралуу да маалымат тарады. Кыргызстан аталган өлкөлөрдөн электр кубатын канча көлөмдө, кандай шартта алып жатат?

Айбек Айдаралиев: - Туура, биз 2021-2022-жылдардын күз-кыш айлары үчүн коңшу Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан өлкөлөрүнөн электр энергиясын импорттоп жатабыз. Тагыраак айтканда, Казакстандан 900 млн. кВт/cаат, Өзбекстандан 750 млн. кВт/cаат (жалпы 1.650 млн. кВт/cаат) товар алмаштыруу жолу менен 2023-жылга чейин деп түзүлгөн келишимдин негизинде алып жатабыз.

Айбек Айдаралиев
Айбек Айдаралиев

Мындан тышкары жыл аягына чейин Түркмөнстандан 501,9 млн. кВт/cаат электр энергиясын сатып алуу пландаштырылган. Ал жеңилдетилген, арзан баада болот. Орусиядан 2023-жылдын биринчи кварталына 300 млн. кВт/cаат электр энергиясын алууну пландап жатабыз. 2023-жылдын камын көргөн сүйлөшүүлөр Тажикстан менен да жүрүп жатат.

Негизи, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү менен эгер, өкмөт койгон лимитти сактасак, быйылкы кыштан чыгып кетмекпиз. Былтыр пандемия убагында көп өндүрүш иштеген эмес. Быйыл бардыгы максималдуу иштеп, электр кубатын пайдалануу абдан көбөйүп кетти. Ошол себептен биз алдын ала импортторду сүйлөшүп, андан сырткары Бишкек жылуулук борборунун кубаттуулугун көбөйтүп жатабыз.

“Азаттык”: - Суунун башында турган Кыргызстандын ушундай акыбалга кириптер болушуна кандай жагдайлар себеп болду? Кризиске кургакчылыктан тышкары энергетикадагы башаламандык да себеп болуп жатат деген өңдүү пикирлерге кошуласызбы?

Карыпбек Алымкулов: - Энергетика элдин турмушун эле эмес, ишканалардын сапатын аныктай турган тармак болуп калбадыбы. Мындай жерде ар кандай кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Мындай кыйынчылыктарды катуу көтөрүп эле элдин арасында ызы-чуу салып жибергендей болуп кетип атат. Мынчалык ызы-чуу салбай, унчупай сатып алып колдоно берсек болмок.

Илгертен эле суу аз болуп калган жылдарда Казакстандан, Өзбекстандан алып жүргөнбүз. Быйыл деле ошол картина болуп атат. Жаман эмес. Ага кошумча өзүбүздүн ТЭЦтер иштеп атпайбы. Ошон үчүн эртең эле караңгыда калабыз дебейли, бул бардык эле жерде жүрүп жаткан өндүрүштүк кадыресе процесс. Туура уюштуруп иштей берсе болот.

Бирок, элдин керектөөсү көп болуп атпайбы. Анын үстүнө быйыл көмүр маселеси чыгып жатат. Көмүр сатып алуучу пункттарда көмүр жок. Ошон үчүн эл үйүн жылытканга да, тамагына да электрди пайдаланып жатат. Элди үнөмдөөгө көндүрүш керек, ресурсту үнөмдөө маданиятын жогорулатуу керек.

Экинчиден, экономиканын негизги көрсөткүчү – тариф. Ал арзан болуп жаткандан кийин элдин баары электр кубатын пайдаланып, чыгарган энергия жетпей жатат. Ошон үчүн экономикалык, туура тариф коюу керек. Бизде дайыма эле саясий тариф болуп калууда. Жайында президент баштап бардык керектөөчүлөргө бир киловаттын наркы 1 сом 4 тыйындан болот деп айтты эле. Анан кийин эле жакында шайлоо боло турган болуп калды да, эмнегедир эски тарифти калтырып койдук.

Жаныбек Оморов
Жаныбек Оморов

Жаныбек Оморов: - Мамлекет байыш үчүн, ресурстарды максималдуу, натыйжалуу пайдалануу үчүн дүйнөдө аныкталган экономикалык принциптер бар. Алдыга кеткен өлкөлөр ошолорду жакшы пайдаланат. Биз ошону жакшы түшүнүп, анан элге да жакшы түшүндүрсөк туура болот эле. Албетте, биз үнөмдөөгө үгүттөп жатабыз, лимитке өтүп атабыз, ТЭЦтен энергия өндүрүүнү көбөйтүш керек деп атабыз. Мунун баары аргасыздан чыккан чаралар, кандайдыр бир деңгээлде натыйжа берет. Бирок бул экономикалык принцип эмес. Экономикалык принцип деген электр энергиясын өндүрүүгө шарт түзүш керек. Кайсы мамлекетти албаңыз, мамлекеттен мынча инвестиция алуу мүмкүн эмес. Жеке менчикке шарт түзүш керек. Ал үчүн тариф саясаты туура жүрүшү керек. Ал деген чыгымдарды жойгудай тарифти коюу дегенди билдирет. Ошондо энергосектор өнүгөт, инвестициялык климат жакшырат. Жеке менчик тартылат. Албетте, жеке менчикке дагы бут тосуулар болбошу керек. Ошондо өндүрүш кеңейип, энергия жетиштүү болот.

Дагы бир нерсени тактап айтып коюшубуз керек, электр энергияга болгон талап – экономикалык талап болушу керек. Өзүнүн наркынан төмөн коюп салсак энергия ашыкча пайдаланылып, ресурстар текке кетет. Албетте, социалдык талап бар бул жерде. Тариф туура коюлгандан кийин белгилүү катмарлар кыйналбаш үчүн аларга жардам көрсөтүлүшү керек.

Талкууну бул жерден толук көрүңүз:

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG