Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:04

Көрүнүп турган көмүскө экономика


Көмүскө экономика Кыргызстанда көбүнчө курулуш, соода-сатык тармагында кездешет.
Көмүскө экономика Кыргызстанда көбүнчө курулуш, соода-сатык тармагында кездешет.

Бийликтин маалыматы боюнча, Кыргызстанда көмүскө экономиканын көлөмү 40 пайызга жетет. Аны ачыкка чыгаруу боюнча көп сөздөр айтылып, бирок натыйжалуу чечимдер кабыл алына элек. Көмүскө экономика кайсы тармактарда өөрчүгөн?

Экономика жана антимонополдук саясат министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда көмүскө экономиканын көлөмү 39% түзөт. Бул деген жалпы экономиканын жарымына жакынынан салык, социалдык төлөмдөр төлөнбөйт дегенди билдирет. Эгерде ушул төлөмдөр толук жыйналса бюджеттин киреше бөлүгү 30 млрд. сомго көбөйөөрүн да министрлик белгилейт.

Экономика жана антимонополдук саясат министрлигинин көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу боюнча башкы адиси Тилек Саякбаевдин айтымында, көмүскө экономика бардык эле тармакта бар. Бирок негизинен тейлөө жана башка тармактарда орун алган:

- Бизде бардык тармакта орун алган. Салыштырмалуу айтканда тейлөө тармагында аябай көп. Курулуш, соода-сатык тармагында да көмүскө экономика көп. Биз азыр кайсы тармакта көбүрөөк, кайсы тармакта азыраак экенин аныктап, кайсы жагында көбүрөөк болсо, ошол жерге артыкчылык берип, чара көрөбүз.

Саякбаевдин айтымында, тартип коргоо органдары мурун пара алууга көбүрөөк ыктаган болсо, азыркы кезде көмүскө экономиканы калкалоо менен пайда көрүүгө өтүүдө. Бул дагы көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууда кыйынчылыктарды пайда кылган жагдайлардан.

Баңгизаттарын жана курал-жарак сатуу да көмүскө экономиканын бир тарамы болуп кеткен. Кыргызстан баңгизаттарын ташуунун жолунда турат. Андан 500 млн. доллардай акча калып жатканын адистер белгилешет. Ал акча да кадимки базарга түшүп айланууда.

Мурунку каржы министри Акылбек Жапаров тейлөө, соода-сатык тармагында көмүскө экономика көп дегенге кошулат. Бирок алардын катары мамлекеттик монополист ишканалар менен толукталат деп эсептейт:
- Бизде монополисттер бар. Электр энергетика тармагы, аэропорт, темир жол бар. Мына ушул жерлерде бизге көрүнбөгөн, көмүскө бир топ акча айланып жатат. Бюджетке тиешеси жок. Элдин баары аларга төлөп жатат. Электр энергиясы үчүн төлөп жатабыз. Тамак ичсек, кафеге кирсек, мончого барсак бүт эле эл төлөп жатат. Элде күнөө жок. Бирок ошолордон акча чогулта албай жаткан бийлик күнөөлүү. Ошондой системага өздөрү кызыкдар болуп жатат.

Акылбек Жапаровдун пикиринде, көмүскө экономиканын көлөмү Кыргызстанда 50% тегерегинде. Аны ачыкка чыгаруу үчүн салык төлөөнү жөнөкөйлөтүү зарыл. Маселен, салыктын бир эле түрүн калтырып, бирок баарынын төлөөсүнө жетишүү керек.

Экономика жана антимонополдук саясат министри Темир Сариевдин пикиринде, салык системасында ишкерлерге салык төлөөнү ыңгайлуу, ал эми төлөбөө ыңгайсыз болгондой шарт түзүү керек. Ал үчүн салык төлөбөгөндүк үчүн жазаны катаалдантып, ал эми төлөө шартын ачык жана ыңгайлуу кылуу зарыл.

Кыргызстандын көмүскө экономикасындагы дагы бир жагдай - экинчи бухгалтерия деген түшүнүк. Бул расмий түрдө берилген айлык акыдан сырткары, конвертке салынып маяна берилиши. Конвертке салынып берилеген айлыктан эч кандай салык жана социалдык төлөмдөр алынбайт. Адистер мындан да мамлекет жоготууга учурап жатканын белгилешет.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG