Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:48

Таласта жол кырсыгынан тогуз адам каза тапты


Таластагы жол кырсыгынан кийин тартылган сүрөт. 15-октябрь, 2021-жыл.
Таластагы жол кырсыгынан кийин тартылган сүрөт. 15-октябрь, 2021-жыл.

15-октябрда Талас районунда жол кырсыгынан сегиз киши набыт болду. Кырсык Талас-Тараз-Суусамыр жолунун 61-чакырымында, Бекмолдо айыл өкмөтүнүн Кара-Ой айылына жакын жерде, түнкү саат 22:30 чамасында болгон. Ушул эле күнү Манас районунда жол жээгинен машине коюп кетиши мүмкүн экени айтылган 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды.

"60тагы атам жана агам каза болду"

Талас райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Эмил Курманбаевдин айтымында, "Хонда Степвагондун" айдоочусу Таластан Бишкекке бара жатып карама-каршы тилкеде келе жаткан “Дав” үлгүсүндөгү жүк ташуучу машине менен кагылышкан.

Натыйжада "Хонда Степвагондун" айдоочусу жана анын жанындагы жети адам окуя болгон жерде каза тапкан. Мерт кеткендердин бири - 12 жаштагы бала. Ал эми жүк ташуучу машиненин айдоочусу ооруканага жеткирилип, үйүнө дарыланууга чыгарылды.

"Бизге маалымат 15-октябрда, саат 22:55те түшкөн. Ошол айылдын тургундары чалышкан экен. Куткаруучулар барса, эл сөөктөрдү жыйнап коюптур. Айдоочунун буту кыпчылып калган экен. Биздин кызматкерлер аны да чыгарып, баарын "Тез жардамга" өткөрүп беришкен", - деди Эмил Курманбаев.

Таксисттердин айтымында, кырсыктан каза болгон эки адам Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын тургундары болгон. Алар Таласка үй жылуулап, иштегени барышкан. 15-октябрда үйдүн ээси "эртең кеткиле" дегенине карабай түндөп жолго чыгышкан. Алардын сөөгүн жакындары такси менен Казарманга алып кеткен.

Жол кырсыгында каза болгондорду жерге берүү учуру. Талас. 16-октябрь, 2021-жыл.
Жол кырсыгында каза болгондорду жерге берүү учуру. Талас. 16-октябрь, 2021-жыл.

"Хонда Степвагонду" ээси Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын тургуну. Маркум кырсыкка чейин Таластан Бишкекке эл ташып иштечү.

Анын жанында жүргүнчү катары баратып каза тапкан 60 жаштагы Эркин Сексенбаевдин баласы Эрнис Сексенбаев "Азаттыкка" буларды айтты:

"Атам аталаш иниси менен чогуу Бишкекке ашка кеткен. Жолдон ушундай кырсыкка кабылыптыр. Атам 60та, иниси 50 жашта эле".

Айдоочу уктап кеткенби?

Айрым тактала элек маалыматтарга караганда, кырсык болгон күнү айдоочу Бишкектен келип, кайра эле жолго чыккан.

Бирок Бишкек-Талас-Тараз каттамында иштеген айдоочулар мындай дооматка макул эмес. 10 жылдан бери аталган каттамда эл ташыган Максат Мусаев кырсыкка талаада жүргөн мал себепкер болушу мүмкүн деген пикирде.

"Кырсык болсо эле бизди күнөөлөшөт. Бирок ошол аймакта дайыма жылкы жайылып жүрөт. Кырсык болгон күнү кечки саат 8:30 чамасында Бишкекке бара жатып ошол 61-чакырымда бир жылкыны коюп кете жаздагам. Эл жылкысын камабайт, жолдо жайылып жүрөт. Мурда жолдо жарык бар кезде жок дегенде көрүнчү, азыр капкараңгы болуп эч нерсе көрүнбөйт. Кырсыктаган жигит да малдан буйтайм деп тиги чоң машинеге илинип калыптыр деп жатышат. Жолдо жайылган малдын маселесин канча жылдан бери айтып келебиз, түндө күйүүчү тасма байлагыла деп жүрүп тилибиз тешилди".

Облустук ички иштер башкармалыгы бул факты Талас райондук ички иштер бөлүмүндө Жазык кодексинин 297-беренеси ("Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу") менен катталып, тергөө амалдары жүрүп жатканын кабарлады.

Маселе айдоочуда да, жолдо да бар

Кыргызстанда быйыл сегиз ай ичинде 4 637 автокырсык катталып, андан 497 адам каза болгон. Арасында балдар да бар. Дагы 6900 адам жараат алды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кырсыктын 95% адамдык фактордон улам болуп жатканын билдирген.


Таластагы Осмонкул айыл өкмөтү да Бишкек-Талас-Тараз жолунун боюнда жайгашкан. Аталган айыл өкмөттүн жашоочулары буга чейин далай автокырсыкка күбө болгон.

Айыл өкмөт башчысы Жүзүр Өзүбеков ушундай кандуу окуялардан кийин жолго "жасалма дөңсөө" (лежачий полицейский) жаткырууга аргасыз болушканын айтты:

"Айдоочулар жол белгилерине көңүл бурушпайт. Саатына 40 же 60 чакырым ылдамдыкта айдоо талап кылынган жерлерде да катуу айдашат. Буга чейин жол белгилерин койгонбуз, бирок ага баш ийишчү эмес. "Жасалма дөңсөө" коюлгандан кийин гана жай айдап калышты. Болбосо ошол имерилиштен катуу айдап алып, чукул бурула албай кырсыкка кабылышчу".

Кыргызстанда жол кырсыктарынын көбөйүшүнө жалаң айдоочулар гана эмес, шарттын жоктугу да себеп экени айтылып келет.

Талас шаарынын тургуну, жол кыймылынын коопсуздугун уюштуруу инженери Бектур Медетов жолдо автоунааларга, жөө адамдарга да бирдей ыңгайлуу шарт түзүлбөсө, кырсык азайбайт деген пикирде.

"Бизде шаар аралык чоң жолдордо болобу же элдүү пункттарда болобу жол жээгинде тротуарлар жок. Жөө адамдар өтүүчү сызыктар, ылдамдыктарга чектөө киргизүүчү жол белгилери жетишсиз. Бир жагынан минтип чектөө ыкмасы да эскирди. Жолдо жүрүү жөө адамдарга гана эмес, айдоочуларга да ыңгайлуу болушу керек эле. Бала бакчадан баштап, жогорку окуу жайларга чейин жолдо жүрүү эрежелери окутулушу керек. Жолдун өзүнүн да чен-өлчөмдөрү болот, мындан тышкары тротуар менен чоң жолдордо жаан-чачындын суусун агызып кеткен система курулган эмес. Буга да көңүл буруу зарыл".


Электр энергиясын үнөмдөө максатында "Улуттук энергохолдинг" ишканасы 27-сентябрда көчөдөгү көрнөк-жарнактарды, жол жээгиндеги чырактарды түнкүсүн өчүрүүгө буйрук берген.

Мындан кийин кан жолдо жүргөн айдоочулар жок дегенде Бишкек-Каракол, Бишкек-Нарын-Торугарт, Бишкек-Ош-Баткен, Бишкек-Талас-Тараз жолдорунун боюндагы чырактарды өчүрбөөнү суранып келет.

Сегиз адамдын өмүрүн алган кырсык катталган күнү таңкы саат бештерге жакын Таластын Манас районунда жол жээгинен 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылган. Милициянын божомолуна ылайык, ал жол кырсыгында мүрт кеткен. Окуя болгон жерде белгисиз автоунаанын дөңгөлөгүнүн изи калган.

Бул факты Манас райондук ички иштер бөлүмүндө Жазык кодексинин 297-беренеси ("Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу") менен катталып, сотко чейинки териштирүү башталды.

Күчөтүлгөн иш-чаралар, азайбаган кырсык

Президент Садыр Жапаров быйыл июнь айында жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн иш-чараларды күчөтүүнү Ички иштер министрлигине тапшырган. Мамлекет башчы акыркы мезгилде адам өмүрүн алган ири жол кырсыктарынын саны көбөйө баштаганын белгилеген.

Бир айдан кийин мас абалында рулга отурган айдоочуларды аныктоо боюнча рейддик чараларды күчөтүүнү тапшырган.

Бирок андан кийин 15-25-август аралыгында бир аптада 24 адам жол кырсыгынан набыт болгон.

Алардын эң ириси - 23-августта Бишкек-Ош авто жолунда катталган. Анда тогуз адам мерт болгон. 16-августка караган түнү Балыкчы-Ананьево - Каракол жолунун Корумду аймагындагы кырсыктан үч адам өлгөн. Тогуз киши ооруканага жеткирилген. 17-августта Бишкек-Нарын-Торугарт авто жолунун 172-чакырымында жүргүнчү ташуучу "Мерседес-Бенц-Спринтер" менен жүк ташуучу машине кагылышып, жети киши каза болгон.

20-августта Бишкек-Нарын-Торугарт авто жолунун 50-чакырымындагы Ивановка айылында катталган жол кырсыгынан төрт киши көз жумган.

Расмий маалыматтар боюнча быйылкы сегиз айда катталган жол кырсыктары мурдагы жылдарга салыштырмалуу көбөйгөн. 2020-жылы жети айда 2925 жол кырсыгы катталып, 754 адам каза болгон . 2019-жылы жалпы 6663 жол кырсыгы катталып, 760 адам көз жумган. Быйылкы сегиз айда эле 500гө жакын жол кырсыгы катталып, андан набыт болгондордун саны 400 адамга чукулдаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG