Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:40

Электр жана жылуулук үчүн белгиленген тарифтер жарыяланды


Энергетика жана өнөр-жай министрлиги Кыргызстанда 15-октябрдан тартып электр жана жылуулук энергиясы үчүн белгиленген тарифтерди жарыялады.

Министрлер кабинети бекиткен тарифке ылайык, калк 700 кВт саатка чейинки электр жарыгы үчүн 77 тыйындан, андан ашса, 2 сом 16 тыйындан төлөйт.

Бийик тоолуу жана шарты катаал аймактарда жашагандар керектөөнүн көлөмүнө карабай, 77 тыйындан төлөйт.

Мекеме-уюмдар, ишканалар, компаниялар үчүн тариф иштин мүнөзүнө жараша 1 сом 68 тыйындан 5 сом 4 тыйынга чейин бааланат.

Жылуулук энергиясына болгон тарифтер калк үчүн азыркы деңгээлде 1,134,76 сом/Гкал өлчөмүндө сакталат.

Ысык суу менен камсыздоонун тарифтери 981,76 сом/Гкал өлчөмүндө азыркы баасында калат.

Башка керектөөчүлөр үчүн:

- жылуулук энергиясы - 1 802 сом/Гкал;

- ысык суу менен камсыздоо - 1 802 сом/Гкалды түзөт.

Кыргыз бийлиги ушул жылдын апрель айында электр энергиясына жаңы тариф саясатын иштеп чыккан, анда аз камсыз болгон 200 миңден ашык үй-бүлөдөн башка абоненттерге электр кубатынын баасы азыркыдан эки эсе кымбат бааны сунуштаган. Бирок ал сунуш ишке ашпай калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG