Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тариф


Электр чубалгыларын оңдоп жаткан усталар, Жалал-Абад. Иллюстрациялык сүрөт.

15-октябрдан тартып электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тарифтер күчүнө кирди. Ага ылайык өндүрүш үчүн баалар кымбаттады.

Ал эми калк 700 кВт саатка чейинки электр жарыгы үчүн 77 тыйындан, андан ашса 2 сом 16 тыйындан төлөйт. Мекеме-ишканалар, компаниялар үчүн тариф 1 сом 68 тыйындан 5 сом 4 тыйынга чейин болду.

Кыргыз өкмөтү электр энергиясын кымбаттатуунун себебин, эскилиги жеткен тармактын ишин жакшыртуу аракети деп түшүндүргөн. Мекеме-уюмдардын жана ишканалардын электр энергиясына бааны көтөрүү менен өкмөт жыл аягына чейин бюджетке 476 млн. сом кошумча киреше болот деп үмүттөнөт.

"Баа көтөрүлбөсө, тармактан ажырап калабыз"

Энергетика жана өнөр-жай министри Доскул Бекмурзаев энергетика тармагы толук жаңылоого жана реформалоого муктаж экенин "Азаттыкка" курган маегинде билдирген.

Доскул Бекмурзаев
Доскул Бекмурзаев

"Биз бүгүн киреше тапкан жокпуз. Жалаң чыгаша менен иштеп келе жатабыз. Учурда 15 млрд. кВт саат айланасында электр энергиясы иштелип чыгат. 6-7 жыл мурун керектөөбүз 12 млрд. болчу, азыр 20 млрд. ашып түштү. Ушундан улам чектөөгө аргасыз болуудабыз. Анткени, күн сайын биз лимиттен орточо 3 млн. кВт саат ашыкча колдонуп жатабыз".

Доскул Бекмурзаев электр энергиясын көтөрүүдөн түшкөн акча тармактын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жана жумушчулардын айлык акысын көтөрүүгө жумшаларын айтты.

Кыргызстандын энергетика сектору толук реформалоого жана жаңылоого муктаж. Тармактын 80% эскилиги жеткен абалда турганын министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттик администрациянын башчысы Акылбек Жапаров да билдирген. Ал эми Бишкек Жылуулук электр борборунун 60% эски жабдыктар.

Ушундан улам айрым эксперттер энергетика тармагын сактап, жаңылап, өнүктүрүү үчүн электр кубатынын баасын көтөрүү - учурдун талабы экенин айтууда. Алардын бири, энергетика тармагы боюнча эл аралык эксперт Жаныбек Оморов тармак толук жаңылоого муктаж дейт.

Жаныбек Оморов.
Жаныбек Оморов.

"Тармак эскирди, авариялык өчүүлөр көбөйүп жатат. Өкмөт аргасыздан электр кубатын үнөмдөөгө чакырууда. Ошондуктан, эгерде биз тармакты сактап калабыз, өнүктүрөбүз десек, бааларды көтөрүүгө мажбурбуз. Бааларды тескөөчү көз карандысыз орган өкмөттүн, бийликтин же шайлоонун көзүн карабай, тарифти жогорулатып, бирок андан түшкөн каражатты да жалаң тармакты жакшыртууга жумшоо керек. Өкмөт энергетиканын акчасына көз артпай, 1 тыйын да оңго-солго кетпегендей болуусу зарыл. Элдин өкмөткө ишеними жоктугу да тарифтин кымбатташына нааразылык жаратып келет. "Баа көтөрүлсө, эл көтөрүлөт" деп жалтаңдоодон энергетика тармагы таптакыр отуруп калышы ыктымал. Учурда биздин элдин 10-15% гана электр энергиясын үнөмдөп жаккандардын категориясына кирет. Ошолорго өзүнчө субсидия аркылуу жеңилдик берип, маселени чечсе болот".

Баалардын көтөрүлүшү товардын кымбатташына алып келди

Бишкектин базарындагы нандын баасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектин базарындагы нандын баасы. Иллюстрациялык сүрөт.

"Азык-гранд" ишканасы Ош шаарындагы соода түйүндөрүн салттуу ачыткыга жасалган нан менен камсыздайт. Мурда бир нандын наабайканадан сатылган баасы 19 сом болсо, эки күндөн бери дагы бир сомдон кошулууда. Буга электр энергиясынын кымбаттаганы негизги себеп болгонун ишкананын жетекчиси Сапаргүл Бердалиева "Азаттык" менен бөлүштү:

"Мына бүгүн эле Оштогу соода түйүндөрү көп "Ак ниет" бизден нан алуудан баш тартты. Себеби, бааны 1 сомго көтөргөнүбүз. Силерден "20 сомдон алып, биз канчадан сатабыз" деп албай жатышат. Бул деген мага буйрутманын азайышына, кол алдымдагы жумуш орундарынын кыскарышына алып келет. Баанын кымбатташына деле каршы эмеспиз, бирок бизге электр энергиясын келишимдегидей үзгүлтүксүз бербей жатышат. Мындан биздин өндүрүш да үзгүлтүккө учурап, жок жерден банкрот болуудабыз. Кечээ бир күн кечке электр энергиясы берилген жок. Ачыткыга жасалган камырларыбыз ачып, нан кылууга жараксыз болуп калды. Жок жерден чыгаша болуп жатабыз".

  • 15-октябрдан тартып электр энергиясы менен жүрүүчү транспорттук унаалар, мектеп-интернаттар, карылар жана майыптар үйлөрү, социалдык мекемелер, диний уюмдар 1кВт саат электр энергиясы үчүн 1 сом 68 тыйындан төлөшөт.
  • Коммерциялык, бюджеттик, өндүрүштүк, айыл чарба жана башка мекеме-ишканалар 1 кВт саат электр энергиясына 2 сом 52 тыйындан төлөй башташат.
  • Металл жана башка заттарды эритүүчү жана куючу ишканалар 1 кВт саат электр энергиясына 3 сом 78 тыйын, цемент заводдору 3 сом 28 тыйындан төлөшөт.
  • Алкоголдук ичимдик өндүргөн, кен казуучу жана майнинг ишканалар үчүн 1 кВт саат электр энергиясынын тарифи 5 сом 04 тыйын деп бектилген.
  • Карапайым калк 700 кВт саатка чейинки электр жарыгы үчүн 77 тыйындан, андан ашса, 2 сом 16 тыйындан төлөйт.
  • Бийик тоолуу жана шарты катаал аймактарда жашагандар үчүн керектөөнүн көлөмүнөн көз карандысыз түрдө 77 тыйын деген тариф бекитилди.

Товар өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Карыпбек Алымкулов өкмөт бааны бир кылка көтөрсө туура болмок деп эсептейт. Анын пикири боюнча, 700 кВт саатка чейин 77 тыйын деген чектөөнү алып салып, мурда сунушталган 1 сом 04 тыйын деген тарифти бекитүү максаттуу болмок.

"Бааны жалаң эле бизнес коомчулугуна көтөрбөй, жалпы кымбаттаса болмок. 77 тыйын деген тариф көп жылдан бери кармалып турат. Ошону буга чейин сунушталгандай, 1 сом 04 тыйындан төлөгөндөй кылып бекитсе болмок. Ал эми 130 миңдей жакыр жашаган үй-бүлө бар экен, аларга субсидия төлөп берсе туура болот эле. Ошондой эле бийик тоолуу аймактарда жашагандар үчүн жыл бою 77 тыйын деп койгону да туура эмес болуп калды. Аларга деле жалпы 1 сом 4 тыйын кылып коюу керек эле. Анткени, бааларды ишканаларга гана көтөрүүдөн өзгөчө чакан ишкерлерге көп күч келип жатат. 5 сомдон төлөй турган тоо кен, майнинг жана башка компаниялар көп деле эмес. Алардын төлөгөнү эч канча сумма боло албайт".

Расмий маалыматтар боюнча, акыркы жылдары Кыргызстанда электр энергиясын керектөө деңгээли 4-6% жогорулоодо. Бүгүнкү күндө электр энергиясынын тартыштыгы 6 миллиард киловатты түзөт.

Кыргызстан электр кубатына тартыштыкты жөнгө салуу үчүн аны кошуна өлкөлөрдөн импорттоого аргасыз болууда.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG