Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:03

Министр: калкка электр энергиясынын баасы быйыл көтөрүлбөйт (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев “Азаттыктагы” маегинде мындай чечим 13-июлда президент Садыр Жапаров менен жолугуп, электр энергиясынын тариф саясатын талкуулангандан кийин кабыл алынганын айтты.

Анын сөзүнө караганда, калкка электр энергиянын бир кВт/сааты азыркыдай эле 77 тыйындан сатылат. Андан тышкары тоолуу райондордо электр жарыгына киргизилген 700 кВт/саат чектөө жоюлат. Ал эми калган аймактардагы тургундар бир айда 700 кВт/сааттан ашык электр энергиясын колдонсо 2 сом 16 тыйындан төлөйт.

“Президент келерки жылы айлыкты, пенсия, жөлөк пулду көбөйтмөйүнчө калкка электр энергиясынын тарифин көтөрбөйбүз деп айтты. Ошондуктан жаңы жылдан кийин айлык, пенсия, жөлөк пул көтөрүлгөн соң инфляциянын деңгээлине жараша апрель айынан кийин жаңы тарифтик саясатты киргизгенге аракет кылабыз”, - деди Бекмурзаев.

Министр: Элге электр баасын көтөрүүдөн баш тарттык
please wait

No media source currently available

0:00 0:32:12 0:00

Энергетика жана өнөр жай министрлиги быйыл 15-июндан баштап Кыргызстанда 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясынын тариф саясаты боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрынан тарта электр энергиянын бир кВт/сааты 1 сом 9 тыйындан эсептелмек. Эгер абонент бир айда 1000 кВт/сааттан ашык электр энергиясын жакса, андан аркы баа 2 сом 52 тыйындан саналмак. Бул чечим коомчулукта нааразылык жараткан.

Доскул Бекмурзаев быйыл июнь айында электрдин тарифи президент менен макулдашылганын айткан эле.

Ушул эле долбоордо өндүрүштүк ишканалар башкача айтканда, арак, алтын кен ишканалар, майнинг фермалар электр энергиянын бир кВт/саатына 5 сом 4 тыйын төлөйт деп көрсөтүлгөн. Ал күчүндө калды. Ишканаларга тиешелүү тариф кабыл алынса, быйыл сентябрь айында иштеп баштайт.

Ушул тапта элге электр энергиясынын бир кВт/сааты 77 тыйындан бирдиктүү тариф менен берилип жатат. Кыргызстанда жылына орто эсеп менен 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлөт. Өлкө өзүн электр жарыгы менен камсыздай албай калган жылдары коңшу Казакстан менен Өзбекстандан сатып алат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG