Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Бианки: Ташиевдин жээнинен улам "Кыргызтелекомго" басым көбөйдү


"Кыргызтелекомдун" директорлор кеңешинин төрайымы Маралбү Бианки Камчыбек Ташиевдин жээни Замир Кожомуратов иштен алынгандан кийин басым-кысым көбөйгөнүн айтып чыкты. Ал буга байланыштуу Мамлекеттик мүлк фонду менен Улуттук коопсуздук комитетин айыптады.

Бианкинин айтымында, Кожомуратов аталган ишкананын директорлор кеңешинин вице-президенти кызматына май айында "тажрыйбасы жетишсиз, кесипкөй эмес" жана "жумушка ар кандай себептерден улам көп келбейт" деген жүйө менен алынган. Бианки ошондон бери ар кандай басым башталганын, Кожомуратовду иштен алуу тууралуу чечимди өзгөртүүнү талап кылышкан билдирди.

Ишкананын директорлор кеңешинин дагы бир мүчөсү Улукбек Самыйбеков Ташиевдин жээни кызматка алынып жатканда эле анын кесипкөйлүгү тууралуу суроо жаралганын, ал сыноо мөөнөтү менен алынганын айтты.

"Директорлор кеңешинин ошол кездеги башчысы "Кожомуратовдун талапкерлигин колдоп койгула, ал өлкө жетекчилиги менен макулдашылган" деп айткан. Биз аны сыноо мөөнөтү менен алганбыз. Бирок бир алты айдан бери анын кесипкөйлүгүн көрө алган жокпуз. Директорлор кеңешинин бир мүчөсүнүн келишими аяктагандан кийин биз дароо үч адамдын ыйгарым укугун токтотуу тууралуу чечим кабыл алганбыз".

Самыйбеков Замир Кожомуратов 24-майдан тартып иштен алынса деле ай сайын 114 миң сом айлыгын алып, кызматтык унаасын колдонуп, ага ай сайын 250 литр май куйдуруп жатканын айтты.

Кожомуратов буга байланыштуу үн ката элек. УКМК өткөн аптада Ташиевдин жээнине байланыштуу басым-кысым болгонун четке каккан.

Замир Кожомуратов бул кызматка былтыр декабрда Мамлекеттик мүлк фондунун сунушу менен дайындалган. Аталган фонд бул жагдай тууралуу комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG