Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Сузактагы жазасыз калган кош нике


Иллюстрациялык сүрөт.

Сузак районунда экинчи аял алып, той берген адамга козголгон кылмыш иши кыскартылды. Бул окуя коомчулукту нааразы кылды.

Сузак районунун экинчи аял алып, той берген тургунуна Жазык кодексинин 179-беренеси ("Эки жана андан көп аял алуу") менен козголгон кылмыш иши 29-июнда кыскартылганы белгилүү болду.

Бул маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Шеркул Турганбаев ырастады.

"Тергөөнүн жүрүшүндө той өткөргөн адамдын эки аялы эки башка даректе жашагандыктан, Жазык кодексинин «Эки жана андан көп аял алуу» беренесинде каралган кылмыштын курамы аныкталган эмес. Жыйынтыгында иш өндүрүштөн кыскартылды".

Июндун башында социалдык тармактарда Сузактын тургуну жубайы менен ажырашпай туруп эле экинчи аялга үйлөнгөнү, тоюнда биринчи жубайы жана балдары аларды куттуктаганы тартылган видео тараган.

Бул окуя коомчулукта талкууга жем таштап, милиция фактыны Жазык кодексинин “Эки жана андан көп аял алуу” беренеси менен каттаган.

Мыйзамда бир убакта эки же андан көп аял менен түтүн булатууга тыюу салынган, мындай кылмышка барган эркек эки жылга чейин эркинен ажыратылат. Бирок бул чектөө кагазда гана калып, иш жүзүндө жазага тартылган учурлар дээрлик жок.

Аялдардын укуктары боюнча соттук процесстерде иш алып барган жактоочу Есения Рамазанова жогорудагы окуя Жазык кодексинин 179-беренесинин иштебегенин ачыкка чыгарды деди:

Есения Рамазанова.
Есения Рамазанова.

"Бул негизи иштебеген мыйзамдардын бири болуп жатпайбы. Ага ушул окуя мисал. Бирок, кылмыш иши кыскарганы туура эмес. Анткени беренеде "бир үйдө эмес, бир чарба жүргүзгөн" деп турат. Көп учурда көп аялдуулукту аныктоо мүмкүн болбогондуктан кылмыш иши козголчу эмес. Бирок Сузактагы учур ачыктан ачык үстү-үстүнө аял алган көрүнүштү көргөзбөдүбү. Өкүнүчтүүсү, юридикалык жактан мыйзам экинчи, үчүнчү аялдардын укуктарын коргобойт. Мыйзамдуу каттоосу жок болгону үчүн алар эч кимден жардам ала албайт".

Экинчи аял болуп турмуш куруп, бирок зордук-зомбулукка кабылган келиндердин укук коргоочуларга кайрылган учурлары буга чейин да катталган.

"Сезим" кризистик борборунун жетекчиси, укук коргоочу Бүбүсара Рыскулова жогорудагы окуя көп аялдуулукту ачык пропаганда кылды деп эсептейт.

Бүбүсара Рыскулова.
Бүбүсара Рыскулова.

"Интернетке тараган видеону баарыбыз эле көргөнбүз да. Эми анын аягы иштин кыскараганы менен аяктаганы абдан туура эмес. Демек, коомчулукта "эки аял алып, эки башка жашатып койсом эле мыйзам бузулбайт турбайбы" деген ой жаралат. Бизге биринчи аялдардын кайрылган учурлары болгон. Ушу тапта сегиз бала төрөп берсе да, экинчи аял алып кеткен эркектин жубайы менен иштешип жатабыз. Сот учурунда анын күйөөсү "Бийликтегилер, чиновниктер экинчи аял алып жатпайбы. Мен деле алам" деп жооп берди. Демек, мыйзамсыздыкка каршы күрөштү аткаминерлерден башташ керек. Бирок мен андай учурларды уккан эмесмин".

Адатта бул жорукка барган эркектер шариятты бетке кармашат. Ушундан улам эки аял алууну колдогондор маал-маалы менен муну мыйзамдаштыруу демилгесин көтөрүп келет. Ал эми психологдор күйөөсү башын аттаган биринчи аял өзүн кем сезип, кыйналарын белгилешет.

Диний билими бар жарандык активист Ширин Бакытова динде аялдарды каалагандай алуу тууралуу эреже жоктугун белгиледи.

Ширин Бакытова.
Ширин Бакытова.

"Мен өзүм мисалы шарият менен жашайм. Бирок буга оюм бир өңчөй эмес. Мисалы, шариятта мындай, андай деп айтып, "биринчи аял өзү макул болбодубу" деп жатышат. Ошондуктан, мечиттерде же устаздар аялдарга сабак берип жатканда эки аялдуулук тууралуу түшүнүктү так бериши керек. Анын да жол-жобосу бар. Азыркыдай баары эле ала берсе болот деген эреже динде жок. Ушул тапта көп аялдуулук эркектердин кызыкчылыгы үчүн эле болуп жатат".

Ал эми конфликтолог Асел Ази Тегин бул окуяга болгон коомчулуктун реакциясы, мыйзамсыздыкты актап жатканы таң калычтуу деди.

"Светтик өлкөдө жашагысы келген катмарга бул жагдай таасирин тийгизери ойлондурат. Бирок мен бул маселени мыйзам аркылуу токтотуп салса болот дегенге анча ишенбейм. Анткени айрым партиялардын үгүт маалында бул тууралуу кептерин укпадыкпы. Ошондуктан аялдардын аң-сезимин көтөрүү керек. Алар менен да иш алып барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Себеби, экинчи же үчүнчү аял болууга макулдугун берип, кийин укугу тепселенгенин айткандар аз эмес".

Коомчулукта көп аялдуулук темасы ачык талкууланып же иликтене элек. Ошондон улам маселени ачык көрсөткөн статистика да жок.

"Азаттыктын" талкуусу: Көп аял алуудан ким утат?

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG