Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Бишкек: көп аял алууга үндөгөн талапкердин видеосу өчүрүлдү


Үч ири шаарда кайра шайлоо 11-июлда болот.
Үч ири шаарда кайра шайлоо 11-июлда болот.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) сунушунан кийин “Келечек-Будущее” партиясынын талапкери көп аял алууну мыйзамдаштырууга чакырган видеосун интернеттен алып салды.

Мунун алдында АШК талапкер Назира Абдыкаимова мындай чакырыгы менен “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзамды бузган эмес деген корутунду чыгарган. Бирок анын иш-аракетинде кылмыштын белгилерин аныктоо үчүн укук коргоо органдарына кайрылуу керектигин билдирген. Ошондой эле коомдо терс пикир жаралбашы үчүн Абдыкаимовага көп аял алууга үгүттөгөн тасмасын алып салууну сунуштаган.

"Реформа" партиясы өткөн аптада АШКга кайрылып, "Келечек-Будущее" партиясын көп аял алууга үгүттөгөнү үчүн жоопкерчиликке тартууну талап кылган. Анда көп аял алуу Кыргызстанда кылмыш экенин эскерткен.

Аталган партия дооматтарды четке кагып, аны сөз эркиндиги, оюн эркин билдирүү менен түшүндүргөн.

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине 11-июлда кайра шайлоо болот. Бишкекте 18 партия ат салышып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG