Линктер

жекшемби, 24-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:40

Юстиция министрлиги Кылмыш Кодексиндеги көп аял алгандарды жазага тартуу жөнүндөгү жобону алып салуу демилгесин көтөрүп жатат. Бул демилге дароо эле коомчулукта кызуу талаш-тартышты пайда кылды. 28-февралда Бишкекте аялдардын саясий клубунда өткөн талкууда көрүнгөндөй, айрымдар Юстиция министринин демилгесин көп аял алуучулукту мыйзамдаштырууга аракеттердин башталышы катары кабыл алышып, катуу сынга алышууда. Ошол эле учурда көп аял алууну жактагандар да үн катып, полигамия сойкулукка, эркек-аялдын мыйзамсыз карым-катышына байланышкан проблемаларга бөгөт коет деген жүйөөсүн келтирип жатышат.

Юстиция министри Марат Кайыпов көп аял алгандык үчүн жазалоонун өзү кылмыш деп эсептейт. Министрдин оюнда көп аял алган эркекти жазалоо аркылуу мамлекет ал багып жаткан үй-бүлө, бала-бакыранын бардыгын кароосуз калтырат. Мындай сейрек көрүнүш Кыргызстанда эле бар дейт:

- Ошол эле бизге демократияны таңуулаган Америка менен Батыш өлкөлөрүнүн биринде дагы эркектерин түрмөгө отургузбайт, экиден же үчтөн аял алып алса. Эмне үчүн кыргыздар эле эркектерин түрмөгө отургузуп коюшу керек?

Каршы тарап бул демилгени көп аял алуучулукка мыйзамдык жол ачып берүү катары кабылдоодо. Алар тескерисинче, мындай кадам атуулдардын моралдык-психологиялык абалына олуттуу зыян алып келет деп жатышат. Кыргызстан аялдары партиясынын мүчөсү Айнура Алтыбаева Кылмыш Кодексинен көп аял алгандарды жазалоо тууралуу жобонун алынып салынышына каршы. Тескерисинче, көп аялдуулукка жол бергендиги үчүн эркек эле эмес, аял да жоопкерчиликке тартылышы керек:

- Адам өзүн ошол адамдын ордуна коюп көрүшү керек. Аял экинчи, үчүнчү аял болгусу келеби? Бала бир нече энелүү, анан башка жакка такай кетип турган бир аталуу болууну каалайбы? Анткени, Кыргызстандын азыркы шартында алар бир түндүктүн алдында жашашпайт да? Ошондуктан, баланын психологиялык абалын карап көрүш керек да.

Эки аялдын бири болуп жашап жаткан Элмира көп аял алуучулук дегенди биротоло токтотуу үчүн күрөшүү керек дейт:

- Чачыраган бүлө пайда кылган жараны айыктыруу мүмкүн эмес. Бул балдардын психикасын, бир үй бүлөдө аны менен жаны бирге бир ата, үйдүн куту бир апа болуш керек деген түшүнүктү талкалайт.

Психолог дарыгер Кеңешбек Үсөновдун айтымында, көп аял алуучулуктун кесепети тийген учурлар турмушта көп болуп жатат:

- Экинчи аял болгондор же үстүнө аял алып ажырашкандардын арасында психологиясы, психикалык саламаттыгы бузулуп, депрессияга түшүп, өзүнө өзү кол салгандар же аракка кирип кеткендер көп болуп атат.

Анткен менен көп аял алуучулукту жактагандар да аз болгон жери жок. Алардын бири ислам дининин жактоочусу Өзбек Чотоновдун көз карашында бул коомдогу демографияга, сойкулукка, эркек-аялдын мыйзамсыз карым-катышына байланышкан проблемаларга бөгөт коет:

- Биз эки аял алсын деп баарын эле чакырган жокпуз. Биз ойноштук кылбай. Андан көрө алсын деп, ошого чакырып атабыз.

Коомчулукта полигамия жаатында талаш-тартыштын күчөп жатышын айрым талдоочулар көп аял алуучулукту мыйзамдаштырууга аракеттердин башталышы катары баалашууда. Министр Марат Кайыпов көп аял алуучулук жагдайы түзүлсө, аны мыйзамдаштыруудан көп аял алгандардын саны көбөйүп кетпейт дейт:

- Менимче, экиден, үчтөн аял алуу өзүнчө шарт, тартип менен болушу керек. Эгер, уруксат бере турган болсок, мыйзамдарга өзгөртүү киргизишибиз керек. Бирок, дүйнөдө 90% мамлекеттердин бардыгында эле эч кандай уруксат берилбей эле экиден-үчтөн аял албай эле жашап жүрүшөт.

Дин таануучу илимпоз Кадыр Маликов дээринде көп аял алуучулук маселесинин көтөрүлүшүн жактабайт:

- Шариятта экинчи жолу аял алыш өтө оор маселе. Эркек ал үчүн эки дүйнөдө тең жоопкерчиликти мойнуна алууга милдеттүү. А биздикилер кыргызча эле көп аялдуулукту киргизип койгусу келип жатышат. Динди салт менен чаташтырууга болбойт.

Азыр көп аял алуучулукка аял-эркек эле эмес, коомдун өзүнүн даярдыгы жок дейт талдоочу. Анын пикиринде бул өтө татаал маселе жана аны колунда бар бирин-экин адамдардын салтка таяп көп аял алган көрүнүштөрү менен ченөөгө да болбойт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG