Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:14

Кубада бийликке каршы акцияда бир киши көз жумду


Кубада митингге чыккандар. 11-июль, 2021-жыл.
Кубада митингге чыккандар. 11-июль, 2021-жыл.

Куба бийлиги 11-июлда өткөн демонстрацияларда бир киши көз жумганын шаршемби күнү ырастады. Ички иштер министрлиги билдиргендей, 36 жаштагы жаран полиция менен бийликке каршы чыккандардын кагылышуусунда каза болгон.

Министрлик демонстрацияга чыккандарды "башаламандык уюштуруп, полиция кызматкерлерине жана карапайым тургундарга бычак, таш жана буюмдарды ыргытып, үйлөрдү өрттөгөн" деп айыптады.

Соңку отуз жылда биринчи ирет бийликке каршы чыккандар каатчылыкка, жарандык эркиндиктин чектелишине жана пандемияга байланыштуу бийликтин аракетсиздигине нааразылыгын билдиришти.

Кризистен улам кубалыктар күнүмдүк керектүү азык-түлүк алыш үчүн сааттап кезекке турушат. Коронавируска кабылгандардын саны өлкөдө күн санап өсүүдө.

Өкмөт демонстрацияларды Америкадагы кубалыктар социалдык тармактар аркылуу уюштурганын билдирген. Толкундоолор башталгандан бери баш калаа Гаванада Интернет жана мобилдик байланыш өчүрүлүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG