Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

Ошто "Жылуулук камсыздоого" эл 29 миллион сомдон ашуун карыз


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош муниципалдык "Жылуулук камсыздоо" ишканасына шаардыктардын карызы 29 миллион сомдон ашты. Мындан улам мекеме акчаны жылдап төлөбөгөн шаардыктардын батирин жылуулуктан ажыратууну көздөп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" ишкананын жетекчиси Бекмурза Эргешов билдирди.

"Азыр шаардык кеңештин депутаттарына сунуш берип жатабыз. Эгер өтүп калса, төлөбөгөн тургундардын жылуулугун өчүрүп, калганына бере тургандай жолун караштырабыз", - деди Эргешов.

Эргешов жакынкы күндөрү жогорудагы сумма азайышы мүмкүндүгүн, адатта айрым абоненттер кышка жакын карыздан кутуларын белгиледи.

Оштогу ооруканаларга, төрөтканаларга жана "Боорукердик" үйүнө 12-октябрдан тарта жылуулук берилген.

Шаарда "Жылуулук камсыздоого" караган 88 от казан бар. Ишкана 95 мекемеге, 303 көп кабаттуу үйгө, 233 жер үйгө, жалпысынан 14 190 үйгө жылуулук берет.

Мындан сырткары калааны "Ош Жылуулук электр борбору" (Ош ЖЭБ) дагы тейлейт. Ал 330 - көп кабаттуу имаратты, менчик - 200 үйдү, бюджеттик - 175 уюмду, беш өндүрүштүк ишкананы, мындан башка дагы - 298 уюмду жылуулук менен камсыздайт.

Кыргызстанда быйыл суук эрте түшкөндүктөн, октябрдын башынан эле шаарларда эле бериле баштаган. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG