Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Кытай орбиталык станцияга "Шэньчжоу-13" кемесин жөнөттү


Кытай экипаждын үч мүчөсү менен башкарылган космос кемесин Бээжиндин улуттук орбиталык станциясына жөнөттү. "Синьхуа" агенттигинин маалыматына ылайык, бул миссия кытайлык экипаж үчүн эң узак сапар болот деп божомолдонууда.

"Шэньчжоу-13" космос кемеси 16-октябрга караган түнү Цзюцюань космодромунан учурулду.

Тайконавттар орбитада алты ай, башкача айтканда, мурдагы кытайлык экипаждан эки эсе көп убакыт өткөрүүнү пландап жатат. Алар "Тяньгун" станциясынын курулушу үчүн жабдууларды жана тест технологияларын орнотушат.

Миссияны 2008-жылы космоско чыккан биринчи кытайлык тайконавт, 55 жаштагы Чжай Чжианг жетектейт.

Топко 41 жаштагы аскердик учкуч Ван Япинг дагы кирди. Ал Кытайдын космостук станциясына жөнөтүлгөн биринчи аял.

Экипаждын үчүнчү мүчөсү - Кытай Элдик боштондук армиясынын өкүлү, 41 жаштагы Е Гуанфу.

Кытай буга чейин Марстын бетине изилдөөчү машинасын кондуруп, Айга зонддорун жөнөткөн.

"Тяньгун" кыргызчага которгондор "Асман сарайы" дегенди билдирет. Курулуп жаткан бул улуттук станциянын кызмат мөөнөтү кеминде 10 жылга эсептелген. Анын базалык модулу 2021-жылдын башында орбитага чыгарылган. Келерки жылы станциянын курулушун бүтүрүү пландалууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG