Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:32

Путин Ооганстандын КМШ менен чек арасында террорчулар топтолуп турганын айтты


Владимир Путин КМШ лидерлеринин виртуалдык жыйынында, 15-октябрь 2021-жыл.
Владимир Путин КМШ лидерлеринин виртуалдык жыйынында, 15-октябрь 2021-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин Ооганстандагы "Ислам мамлекет" террордук тобу өз таасирин Борбор Азияга жайылтууну көздөп турганын билдирди. Ал мындай сөзүн 15-октябрда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчылар кеңешинин онлайн жыйынында айтты.

Анын айтымында, Ооганстандын түндүгүндөгү КМШ менен чек аралаш аймактарда "Ислам мамлекети", "Өзбекстандын ислам кыймылы", "Жамаат Ансарулло", "Аль-Каида" сыяктуу экстремисттик жана террордук топтор топтолуп турат. Бирок Путин мындай маалыматтын чоо-жайын түшүндүргөн жок.

"Биздин маалыматка ылайык, Ооганстандын түндүгүндөгү "Ислам мамлекети" тобунун жоочуларынын эле саны 2 миңди чамалайт. Алардын лидерлери этностук, диний чатактарды козутуу жана диний жек көрүүчүлүктү күчөтүү аркылуу өз таасирин Борбор Азия өлкөлөрүнө жана Орусиянын аймактарына жайылтууга даярданып жатышат. Террорчулар КМШ өлкөлөрүнүн аймактарына, анын ичинде качкын катары да кирүүнү көздөшөт", - деди Путин.

Орус президенти мындай эскертүүсүн Ооганстанда бийликти ээлеп алган "Талибан" кыймылынын делегациясы кийинки аптада Москвага келер алдында айтты. Бул сүйлөшүүлөргө Кытайдын, Пакистандын, Индиянын жана Ирандын өкүлдөрү да катышары кабарланган.

Бир нече күн мурда Путин Ирак жана Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук тобуна байланышы бар жоочулар Ооганстанга өтүп жатканын айткан. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги "Талибан" кыймылын бул коркунучту жөнгө салууга чакырган. Талибдер "Ислам мамлекети" террордук тобун ооздуктай аларын белгилеп келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG