Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Кандагар мечитиндеги жардырууда каза болгондордун саны өсүүдө


Кандагардагы жардыруу болгон мечит, 15-октябрь 2021-жыл.
Кандагардагы жардыруу болгон мечит, 15-октябрь 2021-жыл.

Ооганстандын Кандагар шаарындагы шииттердин мечитинде жума намазы маалында болгон жардыруудан мерт болгондордун саны 32 кишиге жетти. Дагы 50дөн ашуун адам жараат алганы кабарланууда. Бул тууралуу шаардын борбордук ооруканасынын дарыгерлери "Франц-пресс" маалымат агенттигине билдирди.

Ага чейин "Талибан" кыймылынын өкүлү Билал Карими 15-октябрдагы жардыруудан жабыркагандар көп экенин айтып, окуянын чоо-жайы тууралуу башка маалымат берген эмес. Айрым маалымат каражаттары Кандагардагы мечитте жанкечти өзүн жардырышы мүмкүндүгүн жазып жатышат.

“Биз намаз окуп бүткөндөн кийин ок атыла баштады. Андан соң эки-үч жарылуу болду. Биз терезеден качып чыктык. Көп кишилер шейит кетишти. Жарадар болгондор ошол жерде калышты. Андан кийин эмне болгонун билбейм”, - деди күбөлөрдүн бири, жергиликтүү тургун Ахмадулла.

Азырынча бул окуянын артында ким турганы белгисиз. Бирок жакында Кундуз шаарындагы шииттердин мечитинде 46 киши мерт болгон бомба чабуулу үчүн "Ислам мамлекети" террордук тобу жоопкерчиликти мойнуна алган эле.

Август айында Ооганстандагы бийликти ээлеп алган "Талибандын" өкүлдөрү "Ислам мамлекети" террордук тобун ооздуктай аларын белгилеп келишет. Бирок бул топ уюштурган соңку чабуулдар Ооганстандагы туруктуулукка байланыштуу кооптонууларга жол ачып койду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG