Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:33

Бишкек: айдоочулар жок болгондуктан жаңы автобустар каттамга чыкпай жатат


Өзбекстандын Самарканд шаарында чыгарылган ISUZU автобусу. Бишкек. 22-июнь, 2021-ж.
Өзбекстандын Самарканд шаарында чыгарылган ISUZU автобусу. Бишкек. 22-июнь, 2021-ж.

Мэрия жарандарды коопсуз жана ыңгайлуу ташый турган квалификациялуу айдоочулардын жоктугунан улам жаңы келген 210 автобус толук каттамга чыгарылбай жатканын билдирди. Азыр Өзбекстандан алынып келген жаңы автобустун 90у гана каттамга чыгып жатат.

Расмий маалыматка караганда, 210 автобус "Эко жүргүнчүлөрдү ташуу" жоопкерчилиги чектелген ишканасынын менчиги. Мэрия жогоруда көрсөтүлгөн компанияга жеке ташуучу катары кызмат көрсөтүү үчүн муниципалдык каттамдарды аутсорсингге берген. Ушул жылдын аягына чейин 350 даана транспорттук каражат жеткирүүнү пландап жатат. Учурда аталган компания адистешкен айдоочуларды тартуу боюнча чараларды көрүп жатат.

Буга чейин "Кактус медиа" Кыргызстанга алынып келинген автобустардын теңинен көбү автопаркта каттамга чыгарылбай турганын жазган.

Кыргыз өкмөтү Өзбекстандын "Самарканд-авто" заводу менен "Исузу" маркасындагы 350 автобусту алуу боюнча келишимге кол койгону кабарланган. Автобустардын экинчи партиясы октябрга чейин келери айтылган.

Борбор калаада муниципалдык троллейбустар менен автобустардан тышкары жүргүнчүлөрдү 41 жеке компаниянын кичи автобустары (маршруткалар) тейлейт. Бир күндө жолго мындай автобустардын миңге жакыны чыгат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG