Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:05

Президент Жапаров Ооганстанга жардам көрсөтүүгө чакырды


Садыр Жапаров КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты. Бишкек, 15-октябрь.
Садыр Жапаров КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты. Бишкек, 15-октябрь.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров көп улуттуу ооган элине ар тараптуу жана азык-түлүк жагынан колдоо көрсөтүүгө чакырды. Бул туурасында мамлекет башчы бүгүн, 15-октябрда видеоконференция форматында өтүп жаткан КМШнын мамлекет башчылар кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди.

"Эл аралык терроризм, экстремизм, мыйзамсыз миграция жана чек ара аралык кылмыштуулук өңдүү дестабилдештирүүчү факторлордун болушу, ошондой эле социалдык-экономикалык жана азык-түлүк кризисинин мындан ары курчушу Ооганстанда гуманитардык катастрофага алып келиши мүмкүн. Бул өз кезегинде аталган өлкөдө жарандык согушка алып келиши ыктымал. Анда ал Борбор Азиянын жана Жакынкы Чыгыш региондорунда абалды чыңалтып, дестабилдештирет", — деген Жапаров.

Мамлекет башчысы аталган чакырык жана коркунучтарды нейтралдаштыруу боюнча биргелешкен иштиктүү чараларды кабыл алууга чакырды.

Президент Садыр Жапаров ооган элине гуманитардык жардам жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштап, мындай акция КМШнын эл аралык аренадагы аброюн бекемдөөгө жана бул өлкөдөгү стабилдүүлүктүн калыбына келишине салым кошоруна ишенимин билдирди.

КМШнын мамлекет башчылар кеңешинин бул жолку жыйыны Беларустун төрагалыгында өтүп жатат. Анда негизинен шериктештиктин 30 жылдыгы, биологиялык коопсуздукту камсыздоодо, миграция тармагындагы кызматташтык, шериктештик жарандарынын шайлоо укуктарын коргоого багытталган документтер кабыл алынары кабарланган.

Жыйынтыгында КМШ мамлекет башчыларынын бир катар билдирүүлөрү кабыл алынат деп кабарланды. Негизинен шериктештиктин 30 жылдыгы, биологиялык коопсуздукту камсыздоодогу, миграция тармагындагы кызматташтык, шериктештик жарандарынын шайлоо укуктарын коргоого багытталган документтер.

КМШ уюму мурдагы СССР урагандан кийин 1991-жылы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө анын курамына Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан кирет. Түркмөнстан эркин мүчө макамына ээ. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG