Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:35

Кыргызстанга ооган студенттери келе баштады


Ооганстан. Колуна визасын кармаган жарандар. Иллюстрациялык сүрөт.
Ооганстан. Колуна визасын кармаган жарандар. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанга ооган студенттери билим алуу үчүн келе баштады. Жаңы окуу жылы башталгандан бери Борбор Азиядагы Америка Университетине 200дөй ооган студенти келди. Бул тууралуу аталган окуу жайдын Коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Динара Орозбаева "Азаттыкка" билдирди.

"Ооганстандан студенттер атайын программанын алкагында 2012-жылдан баштап келип окуп жүрүшөт. Алар татаал сынактан өтүп, тест тапшырышат. Азыр каникулга кеткендер, быйыл программа менен окууга тапшыргандар келип жатышат, дагы толук келип бүтө элек. Жалпысанан окуу жайда 300дүн тегерегинде ооган студенти окуйт. Кыргыз бийлигинин виза боюнча демилгеси бизге жакшы болду, анткени виза алалбай калган студенттер болуп калчу", - деди Орозбаева.

Августта Ооганстандын борбору Кабулду талибдер ээлеп, качкындар көбөйгөн учурда Бишкек жардам катары 500 ооган студентине виза берүүгө даяр экенин билдирген. Кийин бул демилге бир топ эл аралык жолугушууларда козголуп, кыргыз бийлигинин виза берүү чечимин кубатташкан. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ЕККУнун Бишкектеги академиясы жана Бишкекте жайгашкан Борбор Азиядагы Америка университети аларда окуй турган ооган жарандарына окуу визаларын берүү өтүнүчү менен кайрылганын, анын негизинде 249 ооган студентине виза берүү чечими кабыл алынганын "Азаттыкка" билдирген.

Кыргызстандагы эл аралык окуу жайларда Өзбекстан, Түркия, Тажикстан, Пакистан, Индия, Казакстан, Ооганстан жана Кытайдан келген студенттер басымдуу.

Ооганстандык студенттердин көбү Бишкектеги Борбор Азиядагы Америка университетинде, Нарындагы Борбор Азия университетинде жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде билим алат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG