Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Адвокат: Курсан Асановдун иши боюнча негизги күбөлөр суралбай калган


Курсан Асанов.
Курсан Асанов.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун “мекемени басып алуу” деген иши боюнча сотко кошумча күбөлөр чакыртылат. Бул тууралуу бүгүн 15-октябрда “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Жактоочунун айтымында, алар маанилүү күбөлөр, себеби окуя учурунда Асановдун жанында жүрүшкөн, бирок тергөө учурунда алардын бири да суралган эмес:

“Жада калса Курсан Асановдун жанында жүргөн, аны министрдин милдетин аткарат деп буйрук жазып берген Өмүрбек Суваналиев да күбө катары чакырылбаптыр. Жанарбек Акаев, Чолпон Жакупова жана башкалар да суралбаптыр. Асановду ИИМдин борбордук аппаратына тааныштырып жаткан видеодогулардын бирөөнү да сурабаптыр”.

Иш Биринчи Май райондук сотунда каралууда. Алгачкы отурум 8-октябрда өткөн.

2020-жылдын октябрында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциясынан кийин өлкөдө бийлик кулаганда Асанов бир нече күн ИИМди жетектеп турган. Бул үчүн быйыл 26-январда милиция ага карата Жазык кодексинин 245-беренеси («Имаратты жана мекемени басып алуу») менен иш козгоп, камакка алган жана кийин үй камагына чыгарган.

Асанов азыр Чүйдөгү №50 колонияда кармалууда.

14-сентябрда ИИМ Асанов “башка адамдар менен бирге алдын ала сүйлөшүп, бийликти күч менен басып алууга активдүү даярданып, уюштуруп жүргөн” деген шек менен Жазык кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” деген 309-беренесинин негизинде шектүү катары кармалганын билдирген.

Асановго карата буга чейин козголгон башка үч иш бириктирилип, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып келатат.

22-сентябрда Асанов боюнча комментарий берип жатып баш прокурор Курманкул Зулушев “Мунун баарынын жүйөсү бар. Ар бир ишти биз окуп, карап жатабыз” деп айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG