Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Кайрат Иманалиев КТРКнын башкы директорунун милдетин аткарат


Кайрат Иманалиев.
Кайрат Иманалиев.

Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) башкы директору Бахтияр Алиев өзү жазган арызынын негизинде кызматтан кетти.

Бүгүн, 15-октбярда Байкоочу кеңеш анын арызын карап, кабыл алды. Алиев кызматтан кетүү себебин айткан эмес. Бул тууралуу Байкоочу кеңештин төрагасы Кубат Болотканов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, мурдагы маданият министри Кайрат Иманалиев КТРКнын башкы директорунун милдетин аткара баштады. Аны кеңештин 12 мүчөсү колдоду.

Октябрь окуяларынан кийин КТРКнын башкы директору Жайнак Үсөн уулу кызматтан өз эрки менен кеткенин билдирип, арыз жазган. Анын ордуна бир топ талаш-тартыштан соң, башкы директордун милдетин убактылуу аткаруучу болуп Бахтияр Алиев Байкоочу кеңеш тарабынан бекитилген. Ал 2020-жылы декабрдагы сынакта КТРКнын жетекчилигине шайланган. Ага Байкоочу кеңештин 11 мүчөсү добуш берген.

КТРКнын Байкоочу кеңеши 15 кишиден турат. Алардын бешөөнү президент, бешөөнү парламент жана калгандарынжарандык коом сунуш кылган талапкерлердин арасынан тандалып келген. Эми кеңеш директорлук орунга сынак жарыялашы керек.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө мыйзамга ылайык, башкы директор төрт жылга шайланат.

​Коомдук биринчи каналдын курамында учурда алты телеканал: КТРК, “КТРК Музыка”, “Маданият-Тарых-Тил”, “Баластан”, “КТРК Спорт” жана “Ала-Тоо 24” обого чыгууда. Ошондой эле аталган медианын Кыргыз радио бирикмесинде беш радио: “Биринчи радио”, “Кыргыз радиосу”, “Миң кыял”, “Достук”, "Балдар FM" радиолору бар.

Телеканалга мамлекеттен жылына 400 миллион сомдон ашык каражат бөлүнөт. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG