Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:58

Кара-Кече көмүр кениндеги чырды милиция териштирет


Кара-Кече. Архивдик сүрөт.
Кара-Кече. Архивдик сүрөт.

14-октябрда Кара-Кечеде көмүр казган эки экскаватордун май куюучу багына белгисиз адамдар шекер салып жиберишкен. Учурда ал техникалар бузулуп, иштебей турат. Мындай маалыматты Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Кундуз Эсенгулова билдирди.

“Бул факт каттоого алынып, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат”, - деди ал.

"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы бул окуя көмүр казуу иштерин үзгүлтүккө учураткан жок деп билдирди. Маалыматка ылайык, кенде ондогон техника күнү-түнү иштеп жатат.

Буга чейин "Кыргызкөмүрдүн" "Кара-Кече" филиалын "Альфанын" 12 аскери кайтарып жатканы белгилүү болгон. Алар күз-кыш мезгилинде көмүр кендеги коопсуздукту камсыз кылып турары айтылган.

Кара-Кечеде мамлекеттик көзөмөл жетишсиз болуп, криминалдык топтордун таасири күчтүү экени бир канча жылдан бери айтылып жүрөт.

Деңиз деңгээлинен 2800 метр бийиктикте жайгашкан Кара-Кече көмүр кени 1913-жылы ачылган. Кыргызстан боюнча жалпысынан 3 млн. ашык тонна көмүр керектелет. Анын ичинен калкка 1 млн. тоннадан ашуун, Бишкек ЖЭБине 1,5 млн. ашуун сарпталат.

Республика боюнча көмүр казган 70тен ашуун компания бар. Туруктуу иш алып барган компаниялардын саны 41ге чукул. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG