Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Бишкек мэриясы: Жүргүнчү тейлөө көлөмү да, сапаты да тийиштүү деңгээлде эмес


Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте шаардык транспорт тейлөөсүнүн абалы көлөмү жагынан да, сапаты жагынан да тийиштүү деңгээлде болбой жатат. Бул тууралуу бүгүн 15-октябрда мэриянын расмий сайтына жарыяланган маалыматта айтылды.

Шаар башкармалыгы белгилегендей, жүргүнчү ташыган коомдук транспорттун 85% жеке компанияларга таандык. Муниципалдык транспорттун эскилиги жетип, каржылануусу начар болууда, маянасы аздыгынан айдоочулар жетишсиз.

Мэрия 150 электробус жана газ менен жүрүүчү 250 автобус сатып алуу тууралуу сүйлөшүүлөр дээрлик аяктап калганын, экологиялык таза транспорт менен камсыз кылуу, тейлөө сапатын жакшыртуу, электрондук билет системасын киргизүү аракети да көрүлүп жатканын кошумчалады.

Быйыл июнда Бишкекте жүргүнчү ташыган маршруттук кичи автобус айдоочулары иш таштап, бир жумадан ашуун убакыт бою тейлөөсүн токтотушкан. Алар жол кирени көбөйтүүнү талап кылышкан.

1-ноябрдан тартып борбор калаада жол акысы жогорулайт. Азыр сегиз сомдон төлөнүп жаткан троллейбус-автобустарда жол кире 11 сом, кичи автобустарда азыркы 10 сомдун ордуна 15 сом болот. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG