Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Ливан атышуунун курмандыктарына аза күтүүдө


Бейруттагы атышуу, 14-октябрь 2021-жыл.
Бейруттагы атышуу, 14-октябрь 2021-жыл.

Ливан бүгүн бир күн мурдагы атышуунун курмандыктарына аза күтүп жатат. 14-октябрда баш калаа Бейрутта нааразылык акциясы маалында башталган атышууда алты киши мерт болуп, ондогон адам жараат алды.

Бул митингди Иран колдогон "Хезболла" тобу жана көбүнесе шииттерден турган "Амал кыймылы" уюштурган. Алар өткөн жылы Ливан баш калаасындагы портто болгон жарылууну териштирген башкы судья Тарек Битарга каршы чыгышкан.

Бир нече саатка созулган атышууда тапанчалар, автоматтар, гранаталар колдонулду. Күбөлөр ар кыл имараттардан снайперлер да аткылап жатканын айтышты.

Атышуудан улам жайкын тургундардын батирлеринин терезелери талкаланып, мектептер эвакуацияланды жана жергиликтүү жашоочулар коопсуз жайларга жашырынууга аргасыз болушту.

Митингге чыккан шиит топтору судья Битарды "Хезболла" тобуна ыктаган саясатчыларды "атайын бөлүп алып, соттоп жатат" деп айыпташты.

Ливандын президенти Мишел Аун атышууну уюштургандар жазаланарын айтып, кайчы пикирдеги адамдарга каршы курал колдонуу кабыл алынгыс экенин белгиледи.

2020-жылдын 4-августунда Бейруттун портунда жүздөгөн тонналык аммоний нитраты жарылып, андан кеминде 215 киши мерт болгон жана миңдеген адам жараат алган. Бул жарылуу ансыз да улуттук валютанын нарксызданышы, инфляция жана жакырчылык менен алпурушуп жаткан Ливанда чыңалууну күчөтүп койгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG