Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Бейрут: жарылуудан кийин 16 киши кармалды


Ливандагы нааразылык акциясы. Бейрут, 6-август, 2020-жыл.
Ливандагы нааразылык акциясы. Бейрут, 6-август, 2020-жыл.

Бейрутта коопсуздук күчтөрү бери дегенде 150дөй кишинин өмүрүн алып кеткен жарылууга байланыштуу нааразылыгын билдирип чыккан ондогон демонстрантты кууп таркатты.

Ливандын мамлекеттик маалымат каражаттары бейшембинин кечинде кабарлашкандай, баш калаанын борборуна чогулган эл полицияга таш ыргытып, дөңгөлөктөрдү өрттөгөндөн кийин тартип коргоочулар жаш агызчу газ колдонду. Бир нече кишинин жарадар болгону кабарланды.

Чогулгандар өлкө жетекчилигин «террористтер» деп атап, «революция», «бийлик кетсин» деген ураандарды чакырып турду.

Ливан өкмөтү ошол эле күнү жарылууга байланыштуу 16 киши кармалганын, алардын күнөөсү иликтенип жатканын билдирген. «Associated Press» агенттигинин маалыматына караганда, порттун башкы директору Хасан Корайтем жума күнү суракка тартылмакчы.

Борбордук банк ага жана Бажы департаментинин башчысына, дагы бир нече кишиге таандык банк эсептерин камакка койду.

Саламаттык сактоо министри кырсыкта өлгөндөр 149 кишиге жеткенин, урандыларды тазалоо иштери уланып жаткандыктан бул сан дагы көбөйүшү мүмкүн экенин билдирди. Бери дегенде 5 миң киши жарадар болуп, ондогон адамдардын дайыны чыкпай жатат. 300 миңден көп киши үй-жайсыз калды.

Макрон жарылууну эл аралык топ аркылуу тергөөгө үндөдү

Демонстрация Франциянын президенти Эммануэл Макрон Ливанда расмий сапарда жүргөн кезде өттү.

Макрон жарылуу болгон портто. Бейрут, 6-август, 2020-жыл.
Макрон жарылуу болгон портто. Бейрут, 6-август, 2020-жыл.

Бейрутка жарылуудан кийин атайын барган француз мамлекет башчысы окуянын себебин эл аралык адистер тарабынан иликтөөгө чакырды:

«Жарылуунун себеби тууралуу менде деле кошумча маалымат жок. Коомчулукка кандай маалымат берилсе, ошону гана билем. Андыктан эл аралык ачык-айкын иликтөө керек. Ошондо гана чындыктын жаап-жашырылбасын камсыздай алабыз, шектенүү, күмөн саноо пайда болушуна себеп болбойт».

Азыр бир нече жылдан бери коопсуздук шарттарын бузуу менен сакталып келаткан аммиак селитрасынын ири партиясы жарылган деген версияга басым жасалууда.

Эмки жумада Ливанга жардам берүү конференциясы өтөт

Экономика министри Раул Нехменин айтымында, өлкөнүн кырсыктын кесепеттерин жоюуга чамасы чак, үйлөрү урап калган 100 миңдеген кишини жайгаштырууга орун жетишсиз.

Макрон Ливанга жардам бериш үчүн эмки жумада эл аралык донорлордун конференциясы өтөрүн билдирип, жардам коррупциялашкан адамдардын колуна тийбеши үчүн колдон келишинче аракет көрүүгө убада берди. Ливан 1947-жылга чейин Франциянын карамагында болуп келген.

Иш сапары убагында француз президенти саясий партиялардын лидерлери, анын ичинде Иран колдогон «Хезболла» уюмунун жетекчиси менен жолукту. Макрон Ливандын саясий турмушунда басымдуу роль ойногон топту таасиринен пайдаланып, Бейрут өкмөтүн реформаларды жүргүзүүгө, Тегерандын эмес, Ливандын кызыкчылыгын биринчи планга коюуга чакырды.

Бейрут, 5-август, 2020-жыл.
Бейрут, 5-август, 2020-жыл.

Ал ортодо Бейрутка дүйнөнүн чар тарабынан медициналык жана башка чукул жардам жөнөтүлүп жатат. Бириккен Улуттар Уюму шаардагы ооруканаларга 9 миллион доллар бөлүнгөнүн билдирди.

Маалымат каражаттары жарылган жер семирткичтер 2014-жылы «MV Rhosus» кемесинен конфискацияланганын жазышты. Ал кезде кеменин ээси орусиялык ишкер Игорь Гречушкин болчу. «Associated Press» агенттигинин маалыматына караганда, ушу тапта Кипрде жашаган ишкер Интерполдун Ливандагы кеңсесинин өтүнүчү менен суракка чакырылды, бирок кармалган жок.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG