Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:50

Ливанда «WhatsApp» үчүн митинг башталды


Бейруттагы толкундоо. 18-октябрь, 2019-жыл.
Бейруттагы толкундоо. 18-октябрь, 2019-жыл.

Жекшембиде Ливанда түмөндөгөн адамдар коррупцияга жана салыктардын жогорулашына каршы акцияга чыгып, өкмөттүн кетишин талап кылышты. Толкундоо 17-октябрда бийликтин «Whats App» жана башка социалдык тиркемелер аркылуу чалууга салык киргизишине каршы башталган.

Баш калаа Бейруттун, өлкөдөгү экинчи чоң шаар Триполинин көчөлөрүнө жекшембиде түмөндөгөн адамдар чыгып, өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылышты. Толкундоо 16-октябрда башталган. Элдин көчөгө чыгышына бийликтин «Whatsapp» жана башка социалдык тиркемелер аркылуу чалууга айына алты доллар өлчөмүндөгү салык киргизүү тууралуу чечими түрткү болду. Өкмөт бул чечиминен эртеси күнү эле баш тартса да демонстрациялар токтогон жок. Нааразылык акциясынын катышуучулары эми өлкөдө күч алган коррупцияга каршылыгын билдиришип, саясий системанын толук жаңыланышын жана инфратүзүмдүн жакшырышын талап кылып жатышат. Алардын бири Бассам Ясин:

- Бул министрлер жана мыйзам чыгаруучулар камалышы керек. Алар уурулар. Алар ливандыктардын атынан башка мамлекеттерден акча сурап, өз чөнтөктөрүнө салып жатышат, - деген пикири менен бөлүштү.

Ливандагы демонстранттар менен полиция кагылышты. 18-октябрь, 2019-жыл. Бейрут.
Ливандагы демонстранттар менен полиция кагылышты. 18-октябрь, 2019-жыл. Бейрут.

Жума күнү демонстранттарды таркатыш үчүн полиция аларды көздөй жаш чыгарчу газ жана суу бүрккөн. 70тей адам камалган. Ишембинин кечинде парламенттеги башкаруучу коалициянын курамынан «Ливан күчтөрү» партиясы чыкканын жарыялады. Бул кабарды демонстранттар кубануу менен кабыл алышты. Өлкөнүн премьер-министри Саад Харири бийликтеги коалицияга 72 саат берип, дүйшөмбү күнгө чейин кризистен чыгуу тууралуу сунуштарын ортого салууну тапшырган.

- Коалициядагы биздин өнөктөштөрүбүз мени, Ливан элин, эл аралык коомчулукту жана ушул күндөрү нааразылык билдирип жаткан бардык тараптарды ишендире ала турган, так жана акыркы сунуштарын берип, чыгымдарды азайтуу, коррупцияны ооздуктоо боюнча реформаларды өткөрүү боюнча чечим кабыл алышат же мен башкача кайрылуу жасайм, - деди Харири.

«Хезболла» радикал кыймылынын лидери Хасан Насралла сыналгы аркылуу бийликке кайрылып, саясий чечимдерди кабыл алууга чакырды. Бирок ал элдин өкмөттү кетирүү тууралуу талабын колдогон жок. Башкаруучу коалициянын курамына ал өзү жетектеген кыймыл да кирет.

Ливандын премьер-министри Саад Харири. 8-декабрь, 2017-жыл. Париж.
Ливандын премьер-министри Саад Харири. 8-декабрь, 2017-жыл. Париж.

Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, Ливандын 10 миллионго чукул элинин төрттөн бир бөлүгү жакырчылыкта күн көрөт. Өлкөгө коңшу Сириядан келген качкындардын саны бир жарым миллиондон ашат.

Өкмөт бюжеттеги таңкыстыкты азайтыш үчүн ар кандай кадамдарга барууда. Финансы министрлиги тараткан маалыматка караганда, Ливандын тышкы карызы 86 млрд. долларды түзөт. Сентябрда премьер-министр Харири 2020-жылы мамлекеттик бюжеттеги таңкыстыкты жети пайызга азайтуу максатында «улуттук экономикада өзгөчө кырдаал» жарыялаган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG