Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Иранда каатчылык элди көчөгө чыгарды


Ирандагы демонстранттар.
Ирандагы демонстранттар.

Акыркы күндөрү Ирандын бир катар шаарларында нааразылык акциялары өтүп жатат.

“Диктаторго өлүм!” “Диктаторго өлүм!” деген чакырыктар башкалаага жакын жайгашкан Караж шаарынан чыгып жатат. Нааразылык жүрүшү июлдун аягында дал ушул шаардан башталган. Мындан тышкары Шираз, Мешхед, Эсфахан, Сари, Бендер-Аббас, Ахваз жана башка шаарлар да тынч эмес.

Элди экономикалык каатчылык көчөгө чыгарды. Улуттук акча риалдын наркы кескин түшүп, гиперинфляция жүрүп жатат. Апрелден бери улуттук акча долларга карата эки эсе арзандады. Биринчи күнү айтылган социалдык, экономикалык талаптар аз өтпөй саясий деңгээлге өсүп жетти.

“Биздин душман ушул жерде. "Америка" деп калп айтышпасын!» деп жатышат дагы бир шаарда.

Шираз шаарындагы көчөгө чыккан эл.
Шираз шаарындагы көчөгө чыккан эл.

Демонстранттар өлкөдөгү диктатурага, диний башкарууга, руханий жол башчы аятолла Али Хаменеиге каршы чакырык таштап жатышат. Ошондой эле айрым жерлерде саясий негизде камалгандарды бошотуу, аялдарды хижаб кийүүгө милдеттендирген эрежени жоюу жөнүндө талаптар бар.

Миңдеген адамдардын нааразылык акцияларын жергиликтүү медиа чагылдырган жок. Социалдык сайттар аркылуу тараган видеолордон жүрүштөр күндүз да, кечинде да уланып жатканын, полиция элди таратыш үчүн жаш агызчу газ, суу чачып, желим ок атканын көрүүгө болот.

Демонстранттар аларга таш-кесек менен жооп беришүүдө. Кайсы бир видеодо полициянын мотоцикли алоолонуп өрттөнүп жатат.

Ирандагы өкмөткө каршы ири демонстрациялар декабрдын аягында, январдын башында да болуп, жыйырмадан ашуун адам каза тапкан. Анда миңдеген адамдар өлкөдө азык-түлүк кымбаттаганына жана экономикалык кыйынчылыктарга нааразы болушкан. Бийлик бул толкундоолор үчүн АКШ, Британия жана Сауд Арабиясы баштаган өлкөлөрдү айыптап чыккан эле. Андан бери деле өлкөдө нааразылык митингдери болуп келди.

Акыркысына байланыштуу “Азаттыктын” иран кызматынын башкы редактору Ниуша Богратини кепке тарттым.​

- Бул жолку толкундоо канчалык олуттуу?

- Муну болжолдош өтө оор. Бирок бул режим, бийлик үчүн олуттуу жышаан. Эл көчөгө улам чыгып, "керек болсо полициянын унааларын өрттөй бергенге даярбыз" деген белги берип жатат. Азыр бул каршылык акцияларынын бирдиктүү жетекчиси, жол башчысы жок. Алар социалдык тармактар аркылуу уюшуп жатышат. Бул бир жагынан жакшы, эл Интернеттен бири бирин көрүп эле чыгып жатат. Экинчи жагынан, аларда кандайдыр бир стратегия жок. Бул толкундоо да адамдарды кармоо, жазалоо менен басылышы мүмкүн. Бирок убактылуу. Кайра эле кыска убакытта башка толкунга күбө болуп калышыбыз мүмкүн.

- Мамлекеттик же башка жергиликтүү медиадан бийликтин реакциясын таппадым. Дегеле бийликтен буга жооп болуп жатабы?

- Жогорку бийлик азырынча эч кандай реакция кылган жок. Мурда бир күндөн кийин эле четтеги душмандарды же оппозициялык топторду айыптап чыкчу. Бирок азыр тынч, президенттин, аятолланын же башка министрлердин кеңсесинен эч нерсе укпадык. Бул, менимче, маселенин олуттуу экенинин көрсөткүчү.

- Ооба, демейде Ирандын бийлиги Кошмо Штаттар, Британия баштаган өлкөлөрдү айыптайт. Мында кандайдыр бир жүйө, негиз барбы?

- Таптакыр жок. Мунун чет өлкөлөр менен эч байланышы жок. Бул болгону Ирандагы элдин ички экономикалык абалга, саясий системага, теократиялык бийликтин эркин жашоо образына каршы кескин чараларына жана башка көп түрдүү факторлорго карата нааразылык. Мында сырткы күчтөрдүн түздөн-түз таасири жок. Кыйыр таасири болушу мүмкүн. Кошмо Штаттар мурда Ирандан алынган санкцияларды кайра алаарын билдирбедиби. Мына ушул билдирүү элди жапырт доллар, евро, алтын же башка валюта сатып алууга түрттү. Бул каржы базарын алсыратып, кылтылдаган абалга түшүрдү. Анан улуттук акчанын наркы кескин түштү. Мына ушуну Кошмо Штаттардын өз чечими тууралуу билдирүүсүнүн кыйыр таасири десек болот.

Караж шаарындагы демонстранттар.
Караж шаарындагы демонстранттар.

“Азаттыктын” иран кызматынын башкы редактору Ниуша Богратини белгилегендей, май айында АКШ 2015-жылы түзүлгөн эл аралык өзөктүк келишимден чыгаарын жарыялап, Иранга каршы санкциялар кайра киргизилерин билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG