Линктер

бейшемби, 20-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 12:48

Ирандын президенти Роухани парламентке чакырылды


Ирандын президенти Хасан Роухани.

Ирандын президенти Хасан Роухани бир айдан кийин өлкөдөгү экономикалык кыйынчылыктар боюнча парламентке маалымат бермей болду. IRNA мамлекеттик жаңылыктар агенттиги 1-августта кабарлагандай, депутаттар экономиканын солгундашы, жумушсуздуктун күчөшү жана улуттук валютанын куну кетиши боюнча Роуханиден түшүндүрмө талап кылып жатышат.

Алар ошондой эле Тегеран менен дүйнөнүн алты дерважасы өзөктүк келишимге эки жыл мурда кол койгонуна карабастан, ирандык банктар глобалдык каржы кызматтарын толук колдоно албай жатканына да көңүл бурушууда.

Социалдык тармактарга жарыялаган сүрөттөр менен видеолордо көрүнүп тургандай, 31-июлда Ирандын Исфахан жана Кереж сыяктуу бир катар шаарларында жүздөгөн адамдар кымбатчылыкка нааразылык билдирип, көчөгө чыгышкан.

Ирандын улуттук валютасы - риалдын курсу май айында АКШ өзөктүк келишимден чыгып кеткенден бери төмөндөп жатат. Өткөн айда Роуханинин администрациясы валюта рыногундагы олку-солку абалды жөнгө салыш үчүн Борбордук банктын директорун алмаштырган.

2015-жылы кол коюлган келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеп, эл аралык коомчулук бул өлкөгө киргизген санкцияларын жеңилдетмей болгон. Бирок Кошмо Штаттар алдыңкы айларда мурда токтотулган санкцияларды кайра киргизүүнү караштырып жатат.

XS
SM
MD
LG