Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

Иран Перс булуңунда ири аскердик машыгуу өткөрө баштады


Ирандын аскердик кемеси.
Ирандын аскердик кемеси.

АКШ Тегеранга мурда токтотулган санкцияларды кайра киргизер алдында Иран Перс булуңунда ири аскердик машыгуу өткөрө баштады. Америкалык расмий өкүлдүн "Reuters" агенттигине билдиргени боюнча, деңиздеги машыгууга болжол менен 100дөн ашуун кеме катышууда.

"France-Presse" маалымат агенттиги машыгууга чабуул коюуга ылайыкташкан чакан кемелер катышып жатканын, алар учурда Перс булуңунда жүргөн америкалык кемелерге жакындабаганын АКШ өкмөтүндөгү өз булактарына таянып кабарлады.

Иран деңиздеги машыгууларын жыл сайын күз айларында өткөрүп келген. Быйыл эртелей өтүп жаткан бул аскердик машыгуу Вашингтондун кадамдарына жооп катары каралууда.

АКШ Иран менен дүйнөнүн алты державасы кол койгон өзөктүк келишимден май айында чыгып кеткенден бери Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы чыңалуу күчөдү. Кошмо Штаттар 7-августта Иранга мурда токтотулган санкциялардын биринчи бөлүгүн кайра киргизгени турат.

Мындай кабарлардан кийин Ирандын улуттук валютасы - риалдын курсу кескин төмөндөп кетти. Кымбатчылыктан улам бул аптада Ирандын Тегеран, Исфахан сыяктуу бир катар шаарларында жергиликтүү тургундар митингге чыкканы кабарланды.

XS
SM
MD
LG