Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:06

Иран жетекчилери Трамптын сунушун сындашты


Ирандын байрагы.
Ирандын байрагы.

Ирандын расмий адамдары АКШ президенти Дональд Трамптын Ирандын жетекчилери менен жолугушуу сунушун сындашты. Трамп Ирандын президенти Хасан Роухани менен өз ара мамилелерди талкуулоо үчүн «шарт койбостон» жолугушууга даярдыгын 30-июлда билдирген.

"Фарс" агенттиги Ислам жумуриятынын тышкы байланыштар кеңешинин төрагасы Камал Харазинин андай сунуштун “эч кандай баалуулугу жок” , Тегерандын америкалыктар менен сүйлөшүүлөр боюнча "терс тажрыйбасы бар” деген сөздөрүн келтирди. Ал эми ички иштер министри Рахмани Фазли АКШга “ишенип болбосун” билдирди.

Буга чейин АКШ президенти эки өлкө 2015-жылкы ядролук келишимди алмаштыруу үчүн сүйлөшүү жүргүзүшү мүмкүн деп айткан. Май айында Трамп бир нече өлкө кол койгон эл аралык келишимден Вашингтон чыгарын жарыялаган. Роуханинин башкы кеңешчиси Хамид Оналеби сүйлөшүүлөрдү жандандыруу үчүн Кошмо Штаттар 2015-жылкы келишимге кайтышы керек деп 31-июлда "Твиттердеги" постунда белгиледи.

XS
SM
MD
LG