Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

Израил менен Иран кайым айтышты


Израилдин премьер-министри жана Ирандын тышкы иштер министри Мүнхендеги конференцияда кайым айтышты. Биньямин Нетаньяху Иранды нацисттик Германияга салыштырса, Мохаммад Жавад Зариф анын сөзүн “карикатуралык цирк” деп атады. Дүйнөлүк лидерлер, жогорку жетекчилер менен алдыңкы саясат талдоочулар жыл сайын Германиянын бул шаарына чогулуп, эл аралык маселелерди талкуулашат.

Коопсуздук конференциясында сүйлөп жатып, 18-февралда Нетаньяху Иран “дүйнөгө чоң коркунуч жаратып жатат” деп эл аралык коомчулукту Тегерандын режимине каршы турууга чакырды.

Премьер эл аралык коомчулук менен Ирандын ортосунда 2015-жылы жетишилген өзөктүк келишимди кооптуу деп сындады. Анын айтымында, ал макулдашуу Тегеранды “ички жана тышкы” маселелерде ооздуктай алган жок. Документте "Иран өзөктүк программасын чектейт, ал эми Ислам жумуриятына каршы киргизилген санкциялар бара-бара алынат" деп айтылган.

Нетаньяху бүгүнкү Иран менен өткөн кылымдагы нацисттик Германияны салыштырып, "Израилди жок кылууну каалайт" деп айыптады.

- Иран ачыктан ачык эле Израилди 6 миллион жөөт менен кошо талкалоо ниетин айтып келет. Эч кандай күмөн саноо да жок. Иран региондо, Жакынкы Чыгышта, террор жана агрессия менен дүйнө жүзүндө үстөмдүгүн орнотуу аракетин көрүүдө.

Премьер ошол эле маалда Иран эли менен “Иран режимин” бөлүп кароо керектигин белгиледи.

10-февралда Израилдин аскерий учагы Сириядагы жергиликтүү жана Ирандагы буталарга сокку ургандан кийин кайтып келатканда атып түшүрүлгөн. Анын алдында израилдик аскерлер Сирия-Израил чек арасын кесип өткөн ирандык дронду кармашканын билдирген. Тегеран Израилдин версиясын четке кагып, "Сирия өзүн коргоого укуктуу" деп жооп берген.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху

- Иран өткөн аптада Израилге каршы агрессияга барганын, биздин элди коркутуу үчүн аба мейкиндигибизге дронду жөнөткөнүн танууда. Мына, бул - биз атып түшүргөн ошол дрондун сыныгы. Мен аны силерге көргөзөйүн деп ала келгем. Зариф мырза, аны таанып жатасызбы? Тегерандагы тирандарга Израилдин чечкиндүүлүгүн сынабагыла деген кайрылуубузду айта баргыла.

Нетаньяхудан бир нече сааттан кийин сөз берилген Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Зариф болсо Израил жетекчисинин атын атабастан "жыйын катышуучулары жооп берүүгө да арзыбаган карикатуралык циркке” күбө болушканын айтты.

Министр Вашингтондун Жакынкы Чыгыштагы аскерий кийлигишүүсүн да сындап, Тел-Авив “коңшуларына каршы агрессиялык саясат” жүргүзүүдө деди. Мисал катары Тегеран өкүлү “Сирия, Ливан, башка араб өлкөлөрүнө чабуулдарын, дээрлик күнүмдүк бомбалоолорун” мисал келтирди.

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф
Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф

- Агрессия, палестиналыктардын негизги укуктарын бузуу – бул деген алаамат. Проблеманы чече албагандыктан шылтоо издеп же күнөөнү башкаларга оодарбаш керек. Түбөлүккө Иранды айыптай алышат, бирок проблеманы муну менен чечишпейт. Бул – агрессия, оккупация проблемасы. Алардын коррупция өңдүү ички маселелерин айткан жокмун.

Ал эми эл аралык келишимди сөз кылып жатып, Зариф Ирандын кызыкчылыктары сакталбаса, өлкө “олуттуу” жооп берерин эскертти. "Нетаньяху макулдашууну үзгүлтүккө учуратууга аракеттенүүдө, бирок дүйнө ага жол бербейт" деди.

АКШ президенти Дональд Трамп "Тегеран өзөктүк келишимдин маңызын бузууда" деп айыптап, европалык шериктер жана Конгресс менен документтеги мүчүлүштүктөрдүн үстүнөн иштөө керектигин билдирген.

Мюнхен конференциясындагы талкуулардын бирине катышкан АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы, келишимди түзүүдөгү негизги оюнчулардын бири болгон Жон Керри документке колдоосун билдирди:

- Европа жана калган дүйнө үчүн ошол макулдашууну сактап калуу өтө маанилүү. Себеби андан тайсак, дүйнө коопсуз болуп калбайт. Ошол келишимсиз дүйнө кандай экени эсиңиздерде болсо керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG