Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Сирия: ар тараптуу айыгыш күчөдү


Түркиянын Афринге карай артиллериялык чабуулу. 9-февраль, 2018-жыл.
Түркиянын Афринге карай артиллериялык чабуулу. 9-февраль, 2018-жыл.

Кандуу февраль

Ордо шаар Дамастан анча алыс эмес Дума шаарында ишембиде беш киши өлүп, анын ичинде эки баланын өмүрү кыйылды. Дагы кырктай адам жарадар болду. "Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы" ал Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн чабуулу болгонун маалымдады.

Улуттар Уюму ушул февралдан берки эле аба чабуулдарында миңден ашуун сириялык карапайым адам ажал тапканын билдирүүдө. Бул күндөр жети жылдык чатак учурундагы бирден-бир кандуу күндөр катары бааланууда. Өлүмдөрдүн көбүнө өкмөттүк күчтөр жооптуу экени айтылган.

Сирия-Израил чек арасындагы кагылыш

Кыйраган учактын калдыктары. 10-февраль, 2018-жыл.
Кыйраган учактын калдыктары. 10-февраль, 2018-жыл.

Ал арада Иран жана ал колдогон Сирия өкмөтү менен Израилдин тиреши күч алды. Ишембиде Сириянын аймагындагы израилдик ок атуучу учак атып түшүрүлгөн. Ошондон кийин Израил аба чабуулун дагы күчөтүп, Сириядагы Иранга жана Сириянын өзүнө тиешелүү 12 түйүндү талкалаганын билдирди.

Израил "Иран өкмөтү Сирия аркылуу Ливанга курал алып өтүүдө, бул биздин коопсуздукка коркунуч жаратат" деп эсептейт. Тел-Авив ал тургай "Сириянын аймагында Иран курал базаларын салып жатат" деп, ошол түйүндөргө сокку уруп жатканын билдирүүдө.

- Биз көптөн бери билип келген нерсе бүгүн баарына түшүнүктүү болуп турат. Иран Израилге зыян келтирүү максатында Сириянын аймагында алдыңкы командасын түзүүнү каалайт. Биз буга жол бербейбиз. Израил жарандарынын коопсуздугуна коркунуч туудурбайбыз жана аймактагы туруктуулуктун бузулушуна өбөлгө түзбөйбүз, - деди Израилдин түндүк фронтунун колбашчысы Йоль Стрик.

Хасан Роухани, 11-февраль, 2018-жыл.
Хасан Роухани, 11-февраль, 2018-жыл.

Ал эми Ирандын президенти Хасан Роухани жекшембидеги билдирүүсүндө бул дооматтарга түз жооп айткан да жок, Сириядагы кагылышуу маселесин да ачык козгогон жок. Бирок ал АКШ менен Израилге жалпысынан мындайча сын айтты.

- Алар Иракты бөлүп-жарып, биримдигин жоготкусу келди. Ирак элинин сергектиги, аймактагы өлкөлөрдүн салымы, дос өлкөлөрдүн улуттук биримдиги аймакка кепил болуп турат. Алар Ливанда узакка созулган хаос жаратып, Ливанды согуш менен ажырымдын борборуна айланткысы келди. Бирок Ливан элинин сактыгы менен ымалалаш өлкөлөрдүн колдоосу АКШ менен сионизмдин аймактагы кутумун жокко чыгарды.

Африндеги айкаш

Афринде атып түшүрүлгөн түрк вертолету.
Афринде атып түшүрүлгөн түрк вертолету.

Сириянын түндүгүндө коогалаңга аралашкан дагы бир тарап бар. Ал Африндеги күрттөр менен Түркия. Афринде бараткан түрк вертолетун күрттөр атып түшүргөнүн ишембиде Режеп Тайып Эрдоган билдирди. Ичиндеги эки учкуч тең курман болушкан.

Мындан башка дагы бир билдирүүдө Түркиянын аскердик жетекчилиги ишембидеги кагылышууда жалпысынан 9 жоокери окко учканын маалымдады. Афринге жакын жердеги ал кагылышууда күрттөрдүн 39 жоочусу өлгөнү кабарланат.

Бул окуялардан улам Улуттар Уюмунун баш катчысы бардык тараптарды эл аралык укуктарды сактап, тирешүүнү күчөтпөөгө чакырды. Антонио Гутерриш Сирияда жаңжал ырбап, ал өлкөнүн чек арасынан да чыгып баратканына жакшылап байкоо салып турганын белгиледи.

Баш катчы Гутерриш тараптарды талаш маселелерди саясий алкакта, сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө чакырды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG