Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:35

Сирияда чабуулдар күчөдү


Сириянын Чыгыш Гута аймагындагы чабуул, 7-февраль 2018-жыл.
Сириянын Чыгыш Гута аймагындагы чабуул, 7-февраль 2018-жыл.

АКШ жетектеген эл аралык коалиция Сириянын чыгышында режимди колдогон жоочуларга сокку урду. Орусия менен Сириянын өкмөттүк күчтөрү Чыгыш Гута жана Идлиб аймактарындагы чабуулдарын улантууда. БУУ гуманитардык кризис тууралуу эскертүү жасап, кармашты токтотуп турууга чакырды.

Кошмо Штаттар Сириядагы өнөктөштөрүн коргоо үчүн президент Башар Асадды жактаган жоочуларга абадан жана жерден сокку урганын кабарлады. Американын расмий өкүлдөрү бышыктагандай, шаршембинин кечинде Сириянын чыгыш тарабында 500дөй жоочу "Сириянын демократиялык күчтөрүнүн" базасына чабуул койгон. Дейр-ез-Зор провинциясындагы бул окуя маалында Асаддын бийлигине каршы турган "Сириянын демократиялык күчтөрүн" америкалык аскердик кеңешчилер коштоп жүрүшкөн.

Сирия өкмөтүн жактаган күчтөрдүн чабуулу артиллериялык аткылоолор, танк жана ракета соккулары менен коштолгон. АКШ жетектеген коалиция күтүүсүз чабуулга жооп кайтарганын, натыйжада 100дөй жоочу мерт болгонун кабарлады. Бул окуядан америкалык аскерлер жана алардын өнөктөштөрү жабыркаган эмес.

Сириянын мамлекеттик медиасы түндө коалициянын чабуулунан ондогон жоочулар мерт болгонун ырастаганы менен алар кимдер экенин тактаган жок.

"Сириянын демократиялык күчтөрү".
"Сириянын демократиялык күчтөрү".

БУУ тынчсызданып жатат

Соңку жумаларда Сириянын аймактарында аба соккулары күчөдү. Өзгөчө өткөн аптада Орусиянын бир аскердик учагы Сирияда атып түшүрүлгөндөн бери Дамасктын четиндеги Чыгыш Гута жана Идлиб аймактарында күн сайын жаңы чабуулдар катталып жатат. Сириянын түндүк-батышындагы Африн аймагында болсо түрк армиясы үч жумадан бери күрт кошуундарын бутага алып келет.

Бириккен Улуттар Уюму кармаш жүрүп жаткан өрөөндөрдөгү жайкын тургундарга жардам жеткирүү үчүн кеминде бир айга ок атышууну токтотууга чакырды.

"Гуманитардык кызматкерлер катары, биз эң көп жардамга муктаж болгондорго биринчи жетүүгө аракет кылып жатабыз. Бирок андайларга кол суна албай калган учурлар да бар. Мисалы, курчоодо калган Чыгыш Гута жана Фоуа сыяктуу аймактардын жашоочуларына бир нече айдан бери жардам көрсөтүлө элек. Биз коңгуроо кагып жатабыз",-деди БУУнун Гуманитардык маселелер боюнча кеңсесинин расмий өкүлү Йенс Лаерке

Сирия өкмөтү менен Орусия аба чабуулдарын өткөрүп жаткан Чыгыш Гутада 400 миңдей адам жашайт. Дамасктын четиндеги көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн бул аймакты президент Башар Асаддын күчтөрү курчап турат. Баш кеңсеси Британияда жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы 29-январдан берки аба соккуларынан бул аймакта 384 жайкын тургундун өмүрү кыйылганын, алардын арасында 94 өспүрүм бар экенин кабарлады.

Сириянын Идлиб провинциясында атып түшүрүлгөн орусиялык учак. 3-февраль, 2018-жыл.
Сириянын Идлиб провинциясында атып түшүрүлгөн орусиялык учак. 3-февраль, 2018-жыл.

"Химиялык куралдын" жаңы чуусу

Апта башында БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында АКШ Сириянын өкмөтү кайрадан химиялык курал колдоно баштаганын кабарлап, алардын чоо-жайын иликтөөгө бөгөт коюп жатат деп Орусияны айыптаган. Андан көп өтпөй Улуттар Уюму Сириядагы күчөгөн кармаштын кесепетин иликтөөгө киришкени белгилүү белгилүү болду.

"Снаряд болобу же аба чабуулдары болобу, айтор, бомбалар жарылып, андан кандайдыр бир зат чыгып, адамдардын деми кысылып, көздөрүнөн жаш агып жатканы сыяктуу кабарларды алып жатабыз. Бул хлоринге уулануунун белгилери. Ушундай дооматтар болуп жатат. Ошондуктан биз иликтегени турабыз",-деди БУУнун Сирия иликтөөсү боюнча комиссиясынын координатору Жеймс Родхавер.

Сирия өкмөтү 2013-жылы химиялык куралын эл аралык уюмга өткөрүп бергенден бери мындай дооматтарды четке кагып келет. Москванын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Василий Небензя Коопсуздук кеңешинин 5-февралдагы жыйынында химиялык курал тууралуу маалыматтарды "ушак" деп мүнөздөгөн.

Кантсе да Сирияда жети жылдан бери токтобой жаткан жарандык согуштун курмандыктарынын саны күн санап өсүп жатат. Сирия обсерваториясы согушта мерт болгондордун саны 450 миңден ашканын билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG