Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:23

Бейруттагы апаат 150 кишинин өмүрүн алды


Жарылуудан кийинки көрүнүш.
Жарылуудан кийинки көрүнүш.

Бейруттун порт аймагындагы жарылуудан 150 киши набыт болуп, беш миңге жакын адам жараат алды.

“Рейтерс” агенттиги өлкө бийлигине таянып маалымдагандай, урандыларды тазалоо, куткаруу-издөө иштери уланып жаткандыктан курмандыктардын жана жараат алгандардын саны көбөйүшү ыктымал деген божомол бар.

Ливандын баш калаасында 4-августтагы жарылуу ушунчалык катуу болгондуктан андан кыйла алыс жайгашкан имараттардын да эшик-терезелери күбүлүп түшкөн. Эпкини жер титирөө сыяктуу чоң радиустагы аймакка ири зыян келтирди.

Жарылуу шаардын порт аймагында – жардыргыч заттар арбын сакталган жерде болгонун мамлекеттик NNA агенттиги кабарлады. Себеби азырынча так эмес.

Интернетке тараган видеолордо бийик түтүндү жана адамдарды жарылуунун толкуну ыргытып салганын көрүүгө болот.

Бейруттагы жарылууда жүздөгөн киши жабыркады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:07 0:00


Жабыркагандардын арасында Казакстандын Бейруттагы консулу да бар экенин "Азаттыктын" казак кызматы Тышкы иштер министрлигине таянып кабарлады. Элчилик жайгашкан имарат да зыян тарткан. Орус элчилигинин имараты да зыянга учураганы айтылууда.

Окуяда кыргызстандыктар жабыр тартканбы же жокпу, азырынча расмий маалымат бериле элек.

Эл арасында жарылуу "Хезболла" партиясынын курал-жарак кампасында болгону тууралуу да имиш тарады, бирок ал тастыкталган жок.

Куткаруу иштери уланууда.
Куткаруу иштери уланууда.

Ливандын президенти Мишель Аун Коргонуу кеңешин чукул жыйынга чогултту. Ал порттогу кампада 2750 тонна жардыргыч зат сакталып турганын билдирди. Президент бул жардыргыч зат портто эч кандай коопсуздук чаралары сакталбай, алты жыл сакталып турганын акылга сыйбас деп айтып, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырды.

Жалпы коопсуздук кызматынын башчысы Аббас Ибрагим жарылуу портто жардыргыч заттар сакталган жакта болгонун айткан. Портто 2014-жылдан бери жардыргыч заттар сакталып келгенин премьер-министр Хасан Диаб да телекайрылуусунда билдирген. Премьер-министр иликтөөнүн жыйынтыктары тууралуу бардык маалыматтар берилерин убада кылды.

Ливанда шаршембиден тартып үч күндүк аза күтүү күнү жарыяланды. Бейрутка кырсыктаган аймак катары эки жумалык өзгөчө абал киргизилди. Эки жума бою шаардын коопсуздугуна армия көз салат.

Жарылуунун үнү Кипрге да угулганы айтылууда. Бейруттун губернатору муну Хиросима жана Нагасакидеги ядролук апаатка салыштырып, калаанын жарымы зыян тартканын белгиледи.

Жарылуудан кийинки көрүнүш.
Жарылуудан кийинки көрүнүш.

АКШнын мамлекеттик департаменти өлкөгө жардам берүүгө даяр экенин билдирди. "Рейтерстин" маалыматына караганда, Израил менен Франция да жардамга кол сунушту.

Жарылуу Ливандагы саясий окуянын алдында болду. 7-августта Гаага трибуналы мурдагы премьер-министр Рафик Хариринин өлүмүнө байланыштуу соңку чечимди жарыялашы керек. Саясатчы 2005-жылдагы терактта курман болгон. Шектүүлөрдүн арасында шииттердин "Хезболла" тобунун мүчөлөрү бар. Харири сунниттердин "Мусотакбаль" партиясынан эле. Бир апта мурун, 28-июлда премьер-министр Хассан Дияб сот чечими өлкөдө жарандык согушка өбөлгө болушу мүмкүндүгүн билдирген.

Харири жана дагы 22 киши 2005-жылы Бейрутта автоунаанын жарылуусунан мерт болгон жана бул окуя Ливанда шииттер менен суннилердин жиктешүүсүнө шыкак берген. "Хезболла" буга катыштыгы бардыгын четке каккан. Улуттар уюму бомба жарылууну иликтөө боюнча атайын трибунал уюштурган.

Жарылуудан кийинки көрүнүш.
Жарылуудан кийинки көрүнүш.

Ливан – Батыш Азиядагы мамлекет, Жакынкы Чыгыш чөлкөмүндө жайгашкан. Түндүгүнөн жана чыгышынан Сирия, түштүгүнөн Израиль менен чектешет. Батышын Жер Ортолук деңиз чулгайт. Борбору - Бейрут шаары. Калаада жашагандардын саны 2 миллионго чейин деп айтылып жүрөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG