Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:15

Бейрутта нааразылык акциясында беш киши окко учту


Атышуудан кийин Бейруттун борборун аскерлер кайтарууда. 14-октябрь 2021-жыл
Атышуудан кийин Бейруттун борборун аскерлер кайтарууда. 14-октябрь 2021-жыл

Бейрутта шийилердин "Хезболла" жана "Амал" кыймылдары уюштурган жүрүш маалындагы атышуудан 5 киши мүрт кетип, 30га жакыны жаракат алды. Чогулгандар былтыр борбор шаардын портунда болгон жардырууну иликтеген топтун жетекчисин кызматтан алууну талап кылышкан.

Ливандын ички иштер министри Бассам Мавлави окко учкандардын кээ бирлери "башынан жараат алганын" басма сөз жыйынында билдирди. Окту ким чыгарганы белгисиз.

Армия өкүлдөрү билдиргендей, акция катышуучулары Юстиция министрлиги жайгашкан районго бет алганда ок жаңырган. Премьер-министр Нажиб Микати тынчтыкты калыбына келтирүүгө үндөп, өлкөнү зордук-зомбулукка батыруу аракеттерине жол берилбесин эскертти.

Мунун алдында сот 200дөн ашуун адамдын өмүрүн алган жарылуунун себептерин иликтеген судья Тарек Битарды кызматтан четтетүү жөнүндө мурдагы эки министрдин өтүнүчүн четке каккан.

Иликтөө саясий тирешке алып келип, Иран колдогон “Хезболла” куралдуу уюму Битарды калыс эмес деп айыптаган.

Судья бир катар жогорку саясатчыларды, коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрүн, анын ичинде “Хезболланын” шериктерин суракка алууну көздөгөн.

Жарылууга портто коопсуздук шарттарын бузуу менен бир нече жыл сакталган ири көлөмдөгү аммиак селитрасы алып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG