Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:58

Адвокат Токтакунов телефонун тыңшап жатышканын билдирди


Нурбек Токтакунов
Нурбек Токтакунов

14-октябрда юрист Нурбек Токтакунов мобилдик телефону Teлеграм каналы аркылуу "Байланыш кызматы" мамлекеттик мекемеси тарабынан тыңшалганын билдирди. Бул тууралуу адвокат Facebook баракчасына жазды.

"Алгач "Телеграммдан" белгисиз Xiaomi Redmi 7A түзмөгүн таап алдым. Жеке жашоомо кийлигишүүнүн скриншотун алдым. Анан экранымдын скриншотун ФБга жарыяладым. Андан соң жакшы адамдар менин телефонум Раззаков 55 дарегинде жайгашкан "Мегайлайн" интернетине туташкан түзмөктөн тыңшалганы тууралуу маалыматты жөнөтүштү", - деп жазган Токтакунов.

"Байланыш кызматы" мекемесинин тыңшоого катышы бар экенин Токтакунов телефонундагы даректен улам жазып чыккан. Ал көрсөтүлгөн дарек боюнча издеп барып, имаратты сүрөткө да тартып алган.

"Азаттык" радиосунун журналисттери "Байланыш кызматы" мекемесине кайрылганда Токтакуновдун дооматын төгүндөдү.

Адвокат телефону тыңшалганы боюнча УКМК жана Башкы прокуратурага кайрылганын билдирди.

Былтыркы октябрь окуяларын тергөөнүн алкагында милиция кызматкерлери ондогон адамдын телефонун бир ай бою тыңшаганы быйыл сентябрда ачыкка чыккан. Ички иштер министрлиги муну соттун чечиминин негизинде жүргүзгөнүн билдирген.


30-сентябрда саясатчы, юрист Клара Сооронкулова менен жарандык активист Рита Карасартованын Телеграм каналы аркылуу сүйлөшкөнү соцтармактарга тарады. Сооронкулова тыңшоонун артында "күч кызматтары турат" деп айыптап, бул иш боюнча Акыйкатчы институтуна жана Башкы прокуратурага кайрылган. Ага чейин юристтер Сания Токтогазиева жана Замир Жоошев Телеграм каналына чабуул болуп жатканын билдирген. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG