Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

"Ата Мекен" өкүлдөрү шайлоо мыйзамына байланыштуу Конституциялык сотко кайрылышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Ата Мекен" партиясынын үч мүчөсү "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын жобосун конституциялык эмес деп табуу өтүнүчү менен Конституциялык сотко кайрылышты. Бул тууралуу 14-октябрда партиянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, алар Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер үчүн жогорку билим түрүндө чектөө белгиленишине макул эместигин белгилешти.

“Парламент өкүлчүлүктүү орган катары коомдун бардык катмарынын кызыкчылыгын чагылдырышы керек. Ар бир жаран билим деңгээлине, тегине, социалдык абалына карабастан, мамлекеттик бийликтин өкүлчүлүктүү органына шайланууга укуктуу жана ошону менен Конституцияда белгиленген элдин бийлиги принцибин ишке ашыруу керек” деп айтылат партиянын билдирүүсүндө.

Кыргызстанда быйыл парламенттик шайлоо системасы өзгөртүлдү. Буга чейин депутаттар пропорционалдык система менен партиялык тизме боюнча шайланып келген болсо, эми аралаш шайлоо системасы болот. Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга президент Садыр Жапаров 27-августта кол койгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG