Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14

Талибдердин тышкы иштер министри Анкарага барды


Кабул аэропорту. Август 2021-жыл
Кабул аэропорту. Август 2021-жыл

"Талибан" кыймылы (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) курган өкмөттүн тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки жетектеген делегация 14-октябрда Анкарага барды. Алар түрк расмий адамдары, анын ичинде тышкы саясий мекеменин жетекчиси Мевлут Чавушоглу менен жолугат. Талибдердин маалымат катчысы Абдул Кахар Балхи кездешүүдө гуманитардык жардам, миграция, аба каттамдары жана соода маселелери талкууланарын буга чейин "Твиттерге" жазган.

"Талибан" августта батыш колдогон өкмөттү кулаткандан бери өлкөгө жардам дээрлик токтоп калган, кыштын жакындашы менен ооган экономикасы ого бетер каатчылыкка батты.

НАТОнун мүчөсү болгон Түркия Кабулдагы элчилигин жаппай кармап турат жана башкалаадагы аэропорттун ишин камсыздоодо Катар менен кызматташууда.

Бир нече күн мурун талибдердин лидерлери Дохада АКШ, андан кийин Европа Биримдигинин өкүлдөрү менен жолугушкан.

"Чоң Жыйырманын" виртуалдык жыйынында 12-октябрда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган эл аралык коомчулук "Талибан" менен диалог жүргүзүү каналдарын ачык кармоого тийиш деп билдирген. Анын айтымында, 3,5 миллиондон ашуун сириялык качкынга башпаанек берген өлкө ооган качкындарын кабыл алууну көтөрө албайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG