Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:49

Өзбекстан президенттик шайлоодо Кыргызстанда алты добушкана ачат


Өзбекстан менен Кыргызстандын байрактары.
Өзбекстан менен Кыргызстандын байрактары.

Өзбекстандагы президенттик шайлоо күнү Кыргызстанда алты добушкана иштейт. Анын төртөө Ош шаарында, бири Жалал-Абад шаарында, дагы бири Бишкекте ачылат.

Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашкандай, Оштогу шайлоо тилкелери Кыргыз-өзбек университетинде, Ош мамлекеттик университетинин Медицина факультетинин имаратында, Ош мамлекеттик гуманитардык педагогика университетинде, Ош мамлекеттик технология университетинде ачылат.

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Медицина факультетинде жана Бишкекте элчиликтин имаратында да добушканалар иштейт.

Өзбекстанда президенттик шайлоо 24-октябрда болот. Мамлекетти башкарууга талапкер болгон беш кишинин арасында азыркы президент Шавкат Мирзиёев да бар.

Буга чейин Өзбекстандагы шайлоолордо Кыргызстандын бир гана жеринде - Бишкектеги элчиликте добушкана иштеп келген.

2017-жылы кыргыз-өзбек чек арасындагы чектөөлөрдүн алынышы менен Өзбекстандан Кыргызстанга иштегени келген мигранттардын саны көбөйгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG