Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:16

Садыр Жапаров ЕАЭБ жыйынында энергетикалык коопсуздук маселесин козгоду


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынына онлайн катышты.

Ал өз сөзүндө 2025-жылга чейин Евразия экономикалык биримдигинин алкагында экономикалык интеграцияны тездетүү жана климаттын өзгөрүүсүнө жараша көмүртекти аз өндүрүү жаатында кызматташуу, соода-алаканы жакшыртуу маселелерин козгоду.

Энергетикалык коопсуздук өтө маанилүү экенин баса белгилеп, газ, мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рыногун түзүү зарылдыгын айтты.

"Биримдиктин жалпы газ рыногун калыптандыруунун негизги максаттарынын бири – ага мүчө мамлекеттердин газ муктаждыктарын канааттандыруу болуп саналат. Буга байланыштуу, биз жалпы газ рыногунун өз убагында иштеп башташын камсыз кылышыбыз керек жана Кыргызстан газ боюнча бардык өлкөлөр менен макулдашылган эл аралык келишимдин долбоорун кабыл алууну жактайт".

Мындан тышкары Жапаров азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун жолдору, тамак-аш тартыштыгынын алдын алуу тууралуу да сөз кылды.

Евразия Экономикалык Биримдиги 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин, 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.

Соңку жылдары Евразия Экономикалык Биримдигиндеги мүчөлүк Кыргызстанга пайда алып келбегени тууралуу пикирлер коомчулукта жана парламентте байма-бай айтылып келет. Айрым эл өкүлдөрү ачык эле биримдиктен чыгып кетүүнү сунуш кылышкан. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG