Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Адабий сынчы Даутовдун күмбөзүнө эстелик орнотулду


Кадыркул Даутовдун күмбөзү. "Ала-Арча" көрүстөнү. 14-октябрь, 2021-жыл. Бишкек.
Кадыркул Даутовдун күмбөзү. "Ала-Арча" көрүстөнү. 14-октябрь, 2021-жыл. Бишкек.

Кыргыз Эл жазуучусу, адабий сынчы, профессор Кадыркул Даутовдун күмбөзүнө 14-октябрда эстелик коюлду. Анын ачылышына Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков баштаган акын-жазуучулар, адабиятчылар, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин эмгек жамааты жана студенттер катышты.

Даутовдун замандаштары анын жасап кеткен эмгегин белгилешти. Маркумдун китептерин басып чыгарууну убада кылып, ага багышталып куран окулду.

Кадыркул Даутовдун күмбөзүндөгү эстеликти ачуу учуру.
Кадыркул Даутовдун күмбөзүндөгү эстеликти ачуу учуру.

Кадыркул Даутов 1940-жылы 10-сентябрда Алай районундагы Үч-Төбө айылында жарык дүйнөгө келген. 1970-1973-жылдары СССР Илимдер академиясынын Максим Горький атындагы Бүткүл дүйнөлүк адабият институтунун аспирантурасында окуган.

1973-жылы филология илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган. 2005-2007-жылдары Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору, 2007-жылдан тарта Жусуп Баласагын атындагы КУУнун профессору болгон.

Даутов 1960-жылдардын экинчи жарымынан бери адабий сындарды жазып келген. Ал “Жаңы чектерге”, “Главное – поиск”, “Сөз өнөрүнүн эстетикасы”, “Таланттар жана тагдырлар”, “Тереңдиктер жана бийиктиктер”, “Адабий сын кантип жаралган?”, “Албан кырдуу алп акындын дүйнөсү”, “Мезгил сыны жана мен”, “Түркүн дүйнө элестеринен”, “Издегеним тубаса акын, тунук поэзия” өңдүү адабий сынардын, монографиялардын автору.

Кадыркул Даутовго чыгармачылыктагы эмгектери үчүн Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Эл жазуучусу наамдары ыйгарылган. Ал 2020-жылы 28-июлда оорудан улам дүйнөдөн өтүп, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG