Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:27

Орхан Инанды тергөө учурунда кыйноого кабылганын айтты


Орхан Инандынын тарапкерлери. Бишкек.
Орхан Инандынын тарапкерлери. Бишкек.

"Сапат" билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инанды тергөө маалында кыйноого кабылганын Түркияда террорчулукка айыпталган түрк жаранынын сотунда көрсөтмө берип жатып айтты. Бул тууралуу бүгүн 15-октябрда “Азаттык” радиосуна Инандынын адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, сот учурунда Инандыга тергөөдө ошол адамды айыптаган көрсөтмө жазып бергени боюнча суроо узатылган:

“Кечээ Түркияда ушул эле системада иштеген кишинин соту болуптур. Ага Инанды Zoom аркылуу катышып, күбө катары көрсөтмө бериптир. “Сиз бул кишини тааныйт турбайсызбы” деген суроого “Жок, мен антип айткан эмесмин, мени 35 күн аябай катуу кыйнашкан. Эмне деп айтканымды же айтпаганымды билбейм. Андай кишини тааныбайм” деп жооп бериптир. Ошондон кийин ал кишини бошотушуптур”.

Токтакунованын айтымында, Инандынын өзүнүн иши боюнча сот баштала элек. Отурум 26-октябрга белгиленген, “Бирок болбой калышы мүмкүн, анткени ден соолугу дагы эле начар. Колу үч жеринен сынгандыктан гипс ар бир манжасына коюлушу керек болчу, операция өз убагында болбой калган. Азыр өзүнө акырындап келе баштады”.

Кыргыз жарандыгын алып, Бишкекте жашап келген Инанды 1-июнда жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызматтар аны Анкарага алып барганын айткан. Түркиядагы жактоочусунун айтымында, Инандынын колун Бишкектен уурдоо учурунда сындырышкан, прокуратура аны 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуш кылган. Анкаранын прокуратурасы Инандыны "куралдуу террордук уюмду башкарууга" айыптап жатканын "Анадолу" агенттиги кабарлаган.

Инандынын жоголушу боюнча Кыргызстанда милиция Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козгогон.

Президенти Садыр Жапаров Инандыны Кыргызстанга кайтарууну Анкарадан талап кыларын айткан. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ал кыргыз жарандыгын алганда түрк жарандыгынан баш тартпаганын, ошондуктан Түркиянын укук коргоо органдарынын аны жоопко тартуусу мыйзамдуу экенин билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG