Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:27

"Азатлык": Түркмөнстанда пандемия маалында 25 миң өлүм катталды


Түркмөнстандагы оорукана. Сүрөт "Алтын асыр" телеканалынын видеосунан алынды. 29-январь 2021-жыл.
Түркмөнстандагы оорукана. Сүрөт "Алтын асыр" телеканалынын видеосунан алынды. 29-январь 2021-жыл.

"Эркин Европа / Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы пандемия башталгандан бери Түркмөнстанда COVID-19га байланыштуу 25 миң өлүм катталганын жазып чыкты. Мындай маалыматты "Азатлык" радиосуна түркмөн саламаттык сактоо тармагында иштеген булак берген. Анын айтымында, Түркмөнстанда бийлик коронавируска чалдыккандар бар экенин расмий ырастабаганы менен илдеттен каза болгондорду жашыруун каттап келет.

"Курмандыктардын саны коомчулукка ачык жарыяланбаса да күн сайын аймактардан Саламаттык сактоо министрлигине маалымат жөнөтүлүп турат", - деп айтты ал.

Аты-жөнү жашыруун калышын каалаган булак аймактардагы медиктер коронавирустун масштабын өкмөткө азайтып көрсөтүп жатканын, учурда Түркмөнстандын түндүк-чыгышындагы Лебап, түштүк-чыгыштагы Мары облустары COVID-19дун очокторуна айланганын айтып берген. "Азатлык" радиосу азырынча коронавирустан каза болгондор тууралуу маалыматты башка көз карандысыз булактар аркылуу ырастай элек.

Түркмөнстанды 2006-жылдан бери башкарып келе жаткан авторитардык лидер Гурбангулы Бердымухамедов өлкөдө коронавирус эпидемиясы жүрүп жатканы тууралуу маалыматтарды "жалган" деп мүнөздөп келет.

Түркмөн бийлиги өлкөдө коронавирус бар экенин четке какканы менен айрым аймактарда карантиндик чектөөлөрдү киргизген. Июль айында Ашхабад шаарында жашы 18ден жогору бардык жарандар COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө милдеттендирилген.

Бир катар эл аралык уюмдар Түркмөнстанда коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал оор экенин билдирип келишет.

XS
SM
MD
LG