Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:56

Орусияда COVID-19дан өлгөндөрдүн саны кайрадан жогорку чекке жетти


Москвадагы коронавируска чалдыккандарды дарылоочу убактылуу медициналык жай.
Москвадагы коронавируска чалдыккандарды дарылоочу убактылуу медициналык жай.

Орусияда COVID-19дан көз жумган бейтаптардын бир күндүк саны кайрадан жаңы жогорку чекке жетти. Акыркы бир суткада өлкөдө 999 бейтап коронавирустан кайтыш болду. Бул сан акыркы төрт күндөн бери улам жогорулап жатат.

Соңку бир күн ичинде өлкөдө дагы 32 196 киши вирусту жаңы жугузуп алганы ырасталды. Бул да пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч.

Кремл илдеттин күчөшүн Орусияда эмдөө жараянынын солгун жүргөнү менен байланыштырып, жарандарды вакцина алууга чакырууда. Адистер өлкөдө эмдөөнүн жай жүрүп жатканына эл арасындагы туура эмес маалыматтар, бийлик өкүлдөрүнө ишенимдин аздыгы жана жаңы медициналык препараттардан коркуу себеп болуп жатканын билдирип келишет.

Статистика вирус күчөп жатканын көрсөткөнү менен Кремл өлкөдө улуттук деңгээлде карантин киргизилбей турганын, анын ордуна жергиликтүү бийлик органдарына өз алдынча чечим кабыл алуу укугу берилерин билдирген.

12-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин депутаттарды элди вакцина алууга шыктандырууга чакырган. Ал күнү орус өкмөт башчысы Михаил Мишустин билдиргендей, Орусияда калктын үчтөн бири гана же 43 миллион жаран коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG