Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:30

Сот Сарпашевдин кайра кармалган себебин түшүндүрдү


Тайырбек Сарпашев.
Тайырбек Сарпашев.

Мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 30-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагында болот. Бишкектин Биринчи май райондук соту Сарпашевдин бөгөт чарасын карап, ушундай чечим чыгарды. Аталган соттон кабарлашкандай, мурдагы чиновник үй камагынын талаптарын бузуп, кызматташуу боюнча өзүнө жүктөлгөн милдеттенмелерди аткарган эмес.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кумтөр алтын кенин иштетүүдөгү коррупцияга шек саналып жаткан мурдагы биринчи вице-премьер министр Тайырбек Сарпашевдин кайра кармалганын 14-октябрда билдирген.

Кыргызстан Кумтөр алтын кенин өзүнө алгандан кийин ага байланыштуу иликтөө баштаган. УКМК кен жаңы уюшулган учурда түзүлгөн келишимдерден тартып соңку келишим-макулдашууларга чейин бардыгын изилдеп жатат. Сарпашевге айып 2017-жылдагы документтер боюнча тагылган.

Аны атайын кызмат быйыл 17-июнда кармаган, 29-июнда Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал тергөө бүткөнчө жашаган жеринен башка жакка кетпөө шарты менен бошотулган.

Атайын кызмат Сарпашев канадалык "Центерра Голд" компаниясынын өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүп, Кумтөр кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтирген деп эсептейт. Сарпашевдун жакындары жана жактоочулары буга байланыштуу комментарий берген эмес.

Ал 2012-2014-жылдары экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр, 2014-2015-жылдары биринчи вице-премьер-министр болгон. 2015-жылдын ноябрь айынан 2017-жылдын июнь айына чейин Мамлекеттик каттоо кызматын башкарган. (RK/КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG