Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:02

Ооганстан: Кандагардагы шииттердин мечитинде чоң жардыруу болду


Кандагар шаарындагы мечиттердин бири. (Иллюстрациялык сүрөт)
Кандагар шаарындагы мечиттердин бири. (Иллюстрациялык сүрөт)

15-октябрда Ооганстандын Кандагар шаарындагы шииттердин мечитинде жума намазы маалында чоң жардыруу болду. "Талибан" кыймылынын басма сөз өкүлү Билал Карими жардыруудан жараат алгандар жана мерт болгондор көп экенин билдирип, иликтөө жүрүп жатканын айтты. Ал окуянын чоо-жайы тууралуу башка маалымат берген жок.

Reuters жана Associated Press сыяктуу эл аралык маалымат агенттиктери жарылуудан кеминде 7 адамдын өмүрү кыйылганын, 13 киши жарадар болгонун жазып жатышат. Кандагардагы борбордук оорукананын дарыгери да бул маалыматты ырастады.

Өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Кандагар провинциясынын жергиликтүү кеңешинин мурдагы мүчөсү Нематулла Вафа жардыруу шаардагы Имам Баргах мечитинде болгонун, көп адам жараат алганын айтты.

Айрым маалымат каражаттары мечиттин жанында жанкечти өзүн жардырышы мүмкүндүгүн билдиришүүдө. Азырынча бул окуянын артында ким турганы белгисиз.

Бирок 8-октябрда Кундуз шаарындагы шииттердин мечитин бутага алган бомба чабуулу үчүн "Ислам мамлекети" террордук тобу жоопкерчиликти мойнуна алган эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG