Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Бишкекте “Социалдык китеп форуму” өтүүдө


Гапар Айтиев атындагы музей.
Гапар Айтиев атындагы музей.

Бишкекте “Социалдык китеп форуму” аттуу иш-чара өтүүдө. 15-16-октябрда өтүп жаткан форум алкагында китеп базары, изилдөө көргөзмөсү, түрдүү лекциялар жана талкуулар уюштурулууда.

Иш-чаралар Гапар Айтиев атындагы Көркөм өнөр боюнча улуттук музейде жана Касымалы Баялинов атындагы китепканада өтүп жатат.

Талкуулардын бири “Кыргыздар үй-бүлөсү жана коомдук түзүлүшү” деп аталат. Ал эми 1951-1990-жылдары чыгып турган “Кыргызстан аялдары” журналынын негизинде көргөзмө уюштурулуп, азыркы сүрөтчү кыз-келиндердин ой-пикирлери талкууланат.

Шаардагы китеп дүкөндөрү катышкан китеп базар эки күн бою уланат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG