Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:36

ТИМ: Түркияда 18 жаштагы кыргыз жараны каза болду


Анталия.
Анталия.

Түркияда турак үйдүн бешинчи кабатынан кулап каза болгон кыргызстандык жарандын жакындарына тийиштүү жардам көрсөтүлүп жатканын бүгүн 15-октябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 14-октябрда Анталия шаарында, 18 жаштагы кыргыз жараны убактылуу жашап жаткан үйдө болгон. Ал өтө оор абалда ооруканага жеткирилген, операция жасалганына карабастан бүгүн эртең менен көз жумган.

Түркияда расмий 25 миңден ашык кыргызстандык катталган. Бирок бул өлкөдө эмгек миграциясында жүргөн алатоолуктардын саны расмий эсептен кыйла көп экени айтылып жүрөт. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Измир жана Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап эмгектенишет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG