Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:33

Аскар Акаев “Алтын балалыкка” 1 млн сом которгону кабарланды


Аскар Акаев. Архивдик сүрөт.
Аскар Акаев. Архивдик сүрөт.

Мурдагы президент Аскар Акаев Чолпон-Атадагы “Алтын балалык” реабилитациялык борборунун курулушун аяктоо боюнча марафондун эсебине 1 миллион сом которду. Бул тууралуу 15-октябрда Орусиянын окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясынын өкүлү Арстан Талгарбековго таянып Vesti.kg басылмасы жазды.

Талгарбековдун айтымында, бул акчаны Акаев илимий иштери боюнча грант катары алган.

Марафон бүгүн 15-октябрда Бишкекте өттү. Ага катышкан президент Садыр Жапаров 500 орунга эсептелген борбордун бир блогун Араб фонду, дагы бир блогун “Кумтөр” ишканасы бүтүрүп жатканын, акча жетпесе республикалык бюджеттен каражат бөлүнөрүн, мекеме келерки жылы 1-июнда Балдар күнүнө карата пайдаланууга берилерин айтты.

“Алтын балалыкты” Акаевдин жубайы Майрам Акаева түзгөн “Мээрим” кайрымдуулук фонду 2000-жылы кура баштаган. 2005-жылы бийлик алмашып, Акаевдер өлкөдөн чыгып кеткен.

Марафондун эсебине президенттин резервдик фондунан 3 миллион сом, Министрлер кабинетинен 3 миллион сом, мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун үй-бүлөсүнүн атынан 500 миң сом түштү.

Жалпысынан канча сом чогулганы азырынча расмий айтыла элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG