Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:08

Грузия: Саакашвили үчүн митинг


Тбилисинин Эркиндик аянтындагы демонстрациядан тартылган сүрөт. 14-октябрь, 2021-жыл.
Тбилисинин Эркиндик аянтындагы демонстрациядан тартылган сүрөт. 14-октябрь, 2021-жыл.

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилинин боштондугун талап кылып 14-октябрдын кечинде миңдеген адам Тблисинин аянтына чыкты. Саакашвили октябрдын башында Грузияга келери менен камалган.

"Мишага боштондук!"

"Мишага боштондук!" деген ураан чакырып, улуттук желектерди көтөргөн түмөндөгөн демонстранттар бейшемби күнү кечинде баш калаанын чок ортосундагы Эркиндик аянтына, башкы Руставели атындагы чоң көчөгө чыгышты.

Алардын бири Леван Бутхузи өлкөсүндөгү акыйкатсыздыкка чыдабай калганы үчүн көчөгө чыкканын айтты:

"Мурдагы президенттин сот иштери да адилеттүү өткөн эмес. Ал менин оюм боюнча саясий туткун. Буга чыдай албай калдым", - деди ал.

53 жаштагы Саакашвили 1-октябрда Грузияга келгенин жарыялагандан бир нече саат өтпөй Руставели шаарында камалган. Ал эртеси күнү эле камалышына каршылык билдирип ачкачылык жарыялаган. Сегиз жылдан бери чет мамлекеттерде жүргөн Саакашвили 2018-жылы сыртынан кесилген. Ал соңку жылдары Украинада жашап жүрчү.

Саакашвилинин адвокаты Ника Гварамия демонстранттарга окуп берген кайрылууда мурдагы Грузияга "өз өлкөсүнүн жакырчылыкка, коррупцияга, акыйкатсыздыкка каршы күрөшүнө салым кошуу үчүн келгенин" айткан.

Толкундоодон бир күн мурда Грузиянын өкмөт башчысы Ираклий Гарибашвили "камактагы Саакашвилинин бир гана максаты - өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштыруу" деп журналисттерге айткан.

Акция эч кандай ызы-чуусуз, Грузиянын Эркиндик гимнинин жаңыруусунда аяктады.

Саясий кырдаалды чыңалткан шайлоо

Өткөн айда Михаил Саакашвили 2-октябрда өтө турган жергиликтүү шайлоого бара турганын жарыялаган. Ал камалуу тобокелдиги күтүп турганына карабай, "өлкөнү куткарып калуу үчүн" мындай кадамга баратканын билдирген.

Ай башында өткөн шайлоодо миллиардер Бидзина Иванишвили негиздеген бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы республика боюнча алдыга чыккан. Ал эми Саакашвили түптөгөн "Бириккен улуттук кыймыл" 30% көп добуш менен марага экинчи келген.

Шайлоодо бир катар Тбилиси, Батуми, Кутаиси, Рустави сыяктуу негизги шаарларда мэрликке ат салышкандардын бири да 50% көп добуш топтой албагандыктан экинчи тур 30-октябрга белгиленген.

Күрөштөн чарчабаган Саакашвили

Саакашвили мекенинде президент болуп турган кезиндеги бир нече ишке байланыштуу "коррупция жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренелери боюнча айыпталып, сыртынан жалпысынан тогуз жылга абакка кесилген. Мурдагы грузин президенти бул айыптарды саясий куугунтук катары мүнөздөп келет.

Быйыл 53 жашка толгон Михаил Саакашвили 2003-жылы Грузиядагы "Роза ыңкылабынан" кийин бийликке келген. Ал 2013-жылы грузин президенттигинен кетип, "Евромайдан" окуяларынан кийин Украинага келген жана 2015-жылы грузин жарандыгынан баш тартып, Украинанын Одесса облусунун губернатору болуп иштеген.

Саакашвилинин догдуру Николоз Кипшидзе 10-октябрда мурдагы президенттин абалы начарлап жатканына байланыштуу аны ооруканага которуу зарыл экенин билдирди. Ал эми кийинчерек Юстиция министрлиги "Саакашвилинин саламаттыгы канааттандырарлык" деген билдирүү таратты.

XS
SM
MD
LG